19:18 21 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4357
  • RUB1.0941
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архивдик сүрөт

Кыргызстандын футболчулары мьянмалыктарды ута алабы? Букмекерлердин божомолу

© Фото / пресс-служба ФФКР
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
152 0 0

Кыргызстандын курама командасы F тайпасына туш келип, Япония, Тажикстан, Мьянма жана Монголия менен ойной турган болгон. Биринчи оюнда алар 0:1 эсеби менен тажикстандыктарга жеңилип калган.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Букмекерлердин ою боюнча, Кыргызстандын командасы мьянмалыктарды оңой эле жеңип алат.

Беттеш бүгүн, 10-октябрда, Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Командалар 2022-жылы боло турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында кез келет.

Marathonbet букмекердик конторасынын кыргызстандыктардын жеңишине болгон коэффициенти 1,444, Мьянманыкына 6,9, ал эми тең чыгат деген версияныкы 4,4 коэффициентин түздү.

Tennisi конторасынын сандары бир аз башкача: кыргызстандыктардыкы 1,42, каршылаштардыкы 4,5 жана тең чыгат деген коэффициент — 7,6.

Коэффициент канчалык төмөн болсо утуп алуу мүмкүнчүлүгү жогору дегенди билдирет.

Кыргызстандын курама командасы F тайпасына туш келип, Япония, Тажикстан, Мьянма жана Монголия менен ойной турган болгон.

Биринчи оюнда кыргызстандыктар 0:1 эсеби менен тажикстандыктарга жеңилип калган.

Тема боюнча

Бишкекте воркаут-аянтчасы менен кичи футбол талаасы ачылат
Футбол: Кыргызстан — Мьянма оюнуна билеттер сатыла баштады
Белгилер:
букмекер, футбол, Мьянма, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ