Бишкекте өткөн футбол кечесине Райым Матраимов да барды. Сүрөт

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүВыдача первых паспортов болельщиков Кубка конфедераций 2017
Выдача первых паспортов болельщиков Кубка конфедераций 2017 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Матраимовдун чет өлкөдө экени айтылган. Бир тууганы ага Түркиядагы холдингдердин бирин жетектөө боюнча сунуш түшкөнүн билдирген болчу.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Бишкекте Футбол федерациясы тарабынан уюштурулган футбол кечеси өттү.

Банкноты доллара США - Sputnik Кыргызстан
Матраимовдордун фондуна акчалар кайдан которулган. Финполдун маалыматы
Иш-чарада Кыргызстан менен Мьянма курама командаларынын беттешине даярдана турган футболчуларга сый көрсөтүлдү. Бул 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионаты менен 2023-жылы боло турган Азия кубогунун тандоо турунун алкагындагы тайпалык этаптын экинчи оюну болмокчу.

Биринчи беттеш тажикстандыктар менен өтүп, тилекке каршы, КР футблочулары утулуп калган.

Кеченин конокторунун катарында федерациянын, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин, өкмөттүн, президенттик аппараттын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана журналисттер болду.

Социалдык тармакта меймандардын арасында эл ичинде катуу талкууга алынган Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райым Матраимовдун жүргөнү да айтылууда. Буга чейин Матраимов чет өлкөдө деген кептер жүргөн

Матраимовдун айланасындагы чыр

Ээлеген кызматынан Матраимовду ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков ишеничтен кетти деген жүйө менен алган. Эл ичинде Райым Миллион деген каймана аты бар аткаминер сотко кайрылып, кызматына кайра туруу боюнча ишти үч инстанцияда тең утуп алган.

Мындан тышкары, Матраимовдун мүлкү ачыкка чыккандан кийин ал мыйзамсыз баюу беренеси боюнча иште фигурант болгон. 2019-жылдын январында Экономикалык кылмыштуулукка каршы мамлекеттик кызмат текшерүүнү баштап, жарым жылдан кийин алгачкы жыйынтыктарын жарыялаган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0