Мушкер аял арамзаланам деп кайра өзү муш жеди. Видео

© AFP / ASANKA BRENDON RATNAYAKEТурнир UFC 243 в Мельбурне
Турнир UFC 243 в Мельбурне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Австралиялык мушкер түштүккореялык Джи Йон Ким менен кез келди. Ал каршылашына кол берип учурашымыш болуп туруп бир тепкен.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Австралиялык мушкер Надя Кассим UFC уюмунун алкагындагы беттеште арамзалана коём деп каршылашынан муш жеди.

The Sun порталынын жазганына караганда, окуя Австралиянын Мельбурн шаарында өткөн UFC 243 турниринде болгон.

Беттеш башталар алдында Кассим каршылашына кол берип учурашымыш болуп туруп бир тепкен. Бирок анын арамзалыгы ага пайда алып келген эмес. Тескерисинче, Джи Йон Ким бир секунддан кийин эле аны нокдаунга кетирген.

​Беттеш жалпы жонунан эки раундга созулуп, австралиялык спортчу техникалык нокаут менен жеңилип калды.

​Ушуну менен кореялык спортчу UFC уюмунда үчүнчү ирет жеңишке жетишти. Ал буга чейин Антонина Шевченко менен кармашып утулуп калган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0