Олимпиадага жолдомо алган сууда сүзүүчү Денис Петрашов дүйнө кубогуна катышат

© пресс-служба ГАМФКиСЧемпион Азии по плаванию Денис Петрашов
Чемпион Азии по плаванию Денис Петрашов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчуну сууда сүзүү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Евгений Петрашов коштоп кеткен. Аларга Спорт агенттиги тарабынан 391 миң сом бөлүнгөн.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов дүйнө кубогуна катыша турганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.

Сууда сүзүү боюнча дүйнө кубогунун биринчи баскычы 4-6-октябрь күндөрү Венгрияда өтсө, экинчи баскычы 11-13-октябрь күндөрү Германияда болот.

Распространение билетов на открытую тренировку сборной России по футболу - Sputnik Кыргызстан
Футбол: Кыргызстан — Мьянма оюнуна билеттер сатыла баштады
Денис Петрашовду сууда сүзүү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Евгений Петрашов коштоп кеткен. Аларга Спорт агенттиги тарабынан 391 миң сом бөлүнгөн.

Эске салсак, Денис Петрашов 2020-жылы Токио Олимпиадасына жолдомо алган биринчи кыргызстандык. Ал 21-июлда Түштүк Кореяда өткөн дүйнө чемпионатында сууда сүзүүнүн брасс түрү боюнча мелдеште 100 метр аралыкты 1 мүнөт 0,94 секундада багындырган. Олимпиаданын лицензиясын алуу үчүн спортчулар 1 мүнөт 1,73 секунд ичинде сүзүп келиши керек болгон. Спортчу жакында эле Азия чемпионатын багындырган.

Мындан тышкары, Олимпиадага жолдомону жөө күлүк Юлия Андреева жана балбандар Атабек Азисбеков менен Айсулуу Тыныбекова алган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0