Футбол: Кыргызстан — Мьянма оюнуна билеттер сатыла баштады

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүРаспространение билетов на открытую тренировку сборной России по футболу
Распространение билетов на открытую тренировку сборной России по футболу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан менен Мьянманын футболчулары 10-октябрь күнү Бишкекте кездешет. Бул кыргызстандык команданын Дүйнө чемпионаты жана Азия кубогунун тандоо турунун алкагындагы алгачкы оюну.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Мьянма курама командаларынын беттешине билеттер сатыла баштады. Бул тууралуу Футбол федерациясы кабарлады.

Бул жергиликтүү команданын 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионаты жана 2023-жылы болчу Азия кубогунун тандоо турунун алкагындагы алгачкы оюну.

Билеттердин баасы 250 сомдон башталып, сектор жана трибунасына жараша 500 сомго чейин барат. Билеттер төмөнкү даректер боюнча сатылууда:

  • Бишкек, Садырбаев көчөсү, 107;
  • Бишкек, Анкара көчөсү, 1/2а;
  • Новопавловка айылы, Фрунзе көчөсү, 215;
  • Бишкек, Чүй проспектиси, 2/9;
  • Бишкек, 12-кичирайон, 16/2.

Билет саткан жайлар саат 10.00дөн 22.00гө чейин иштейт. Кошумча маалыматты (0312) 98-61-00, (0558) 98-61-00, (0702) 98-61-00, (0776) 98-61-00 телефондору аркылуу алууга болот.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0