Спорт агенттигинин жетекчиси Тыныбекова менен Муртазалиевди кабыл алды. Сүрөт

© пресс-служба ГАМФКиСДиректор ГАФКиС Канат Аманкулов встретился с Айсулуу Тыныбековой, Абдурахманом Муртазалиевым
Директор ГАФКиС Канат Аманкулов встретился с  Айсулуу Тыныбековой, Абдурахманом Муртазалиевым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спорт агенттигинин жетекчиси Канат Аманкулов дүйнө чемпиону болгон Айсулуу Тыныбекова менен Абдурахман Муртазалиевден сырткары кадеттер арасындагы дзюдо боюнча дүйнө биринчилигинде үчүнчү орунду алган Чыңгызхан Сагыналиевди кабыл алган.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Бүгүн, 2-октябрда, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси Канат Аманкулов дүйнө чемпионаттарынан байге алган спортчулар менен жолугушту. Бул тууралуу аталган агенттиктин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, Спорт агенттигинин директору күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова менен анын машыктыруучусу Нурбек Изабековду, грэпплинг боюнча дүйнө чемпиону Абдурахман Муртазалиев жана кадеттер арасында дзюдо боюнча дүйнө биринчилигинде үчүнчү орунду алган Чыңгызхан Сагыналиевди кабыл алды.

Канат Аманкулов спортчулардын жана машыктыруучунун эмгегине ыраазычылык билдирип, ар биринин жеңишине токтолгон.

"Айсулуу, сиз тарыхтын жаңы барагын ачтыңыз, ысымыңыз алтын тамгалар менен жазылып калат. Алдыда оор жана жоопкерчиликтүү мелдеш (Олимпиада) күтүп турат. Спортчу гана эмес, инсан катары дагы өсүп жатасыз. Абдурахман, сиздин жеңишиңиз грэпплинг спортунун "алтын кылымынын" башталышы болуп саналат. Бул ийгилигиңиздин башталышы гана болсун. Чыңгызхан, жеңиш кут болсун. Алдыга мындан дагы бийик максаттарды коюп, жеңиш үчүн машыгууларга гана эмес, интеллектке дагы басым жасаңыз", — деген Аманкулов.

Тренер женской сборной команды Кыргызстана по вольной борьбе Нурбек Изабеков - Sputnik Кыргызстан
Тыныбекованы таптаган Изабековдун эмгеги бааланабы? Спорт агенттигинин жообу
Соңунда ал спортчуларга жана машыктыруучуга белектерди тапшырган.

Айсулуу Тыныбекова 20-сентябрда Нур-Султан шаарындагы күрөш түрлөрү боюнча дүйнө чемпионатында алтын байге уткан. Ал эми Абдурахман Муртазалиев 23-сентябрь күнү ошол эле шаардагы грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында биринчи орунга ээ болгон. Жаш дзюдочу Чыңгызхан Сагыналиев 26-сентябрда Алматыдагы дүйнө биринчилигинде коло байгени багындырган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0