Тыныбекованы таптаган Изабековдун эмгеги бааланабы? Спорт агенттигинин жообу

© Фото / Айсулуу ТыныбековаТренер женской сборной команды Кыргызстана по вольной борьбе Нурбек Изабеков
Тренер женской сборной команды Кыргызстана по вольной борьбе Нурбек Изабеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балбан кыз Айсулуу Тыныбековага бир топ баалуу белектер тартууланды. Ал арада интернет колдонуучулар спортчуну бийиктикке жеткирген машыктыруучусу Нурбек Изабеков бааланбай калды деген пикирлерин жазышууда.

Күрөш боюнча чоңдор арасындагы дүйнө чемпионаты 16-22-сентябрь күндөрү Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өттү. Аялдар күрөшү боюнча мелдеште 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова алтын медаль уткан. Муну менен ал Кыргызстандын тарыхында дүйнө чемпиону болгон биринчи балбан болуп калды.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын машыктыруучусу Нурбек Изабеков - Sputnik Кыргызстан
Изабеков: Айсулуу Рио Олимпиадасынан кийин турмушка чыгам дегенде болбой койгонбуз
Спортчу мекенине кайтып келген соң өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков ага үч бөлмөлүү үй тапшырган. Ал эми машыктыруучусуна 200 миң сом акчалай сыйлык берген.

Мындан тышкары, Тыныбекованын мамлекет агенттиги берип келген 60 миң сом стипендиясы 75 миң сомго чейин көтөрүлгөн. Бул кыргызстандык спортчуларга берген стипендиянын эң жогоркусу болуп эсептелинет.

Учурда социалдык тармактын колдонуучулары Айсулуунун жеңишине ыраазычылык билдирүүдө. Ошол эле учурда балбанды дүйнө чемпиону кылган машыктыруучу Нурбек Изабеков бааланбай жатат деген пикирлерин жазып жатышат.

Талант Өмүралиев аттуу колдонуучу балбан кыздын машыктыруучусуна деле батир берип коюшса болмок деген пикирин билдирди.

Назира Айтбекова Нурбек Изабеков тарыхта из калтырганын белгилеп, ал даңкталышы керектигин жазган.

Дагы бир интернет катталуучу Бактыгүл Байдиева Айсулууну дүйнө чемпиону кылган машыктыруучусу экендигин билдирип, өкмөттүн үй берип койгону туура деген.

Олимпиада 2016. Вольная борьба. Женщины. Весовая категория до 58кг - Sputnik Кыргызстан
Ошол 7 секунд улам элестей берди. Айсулуу Тыныбекованын агынан жарылган маеги
Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигине кайрылып, күрөш боюнча кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабековго мамлекет тарабынан дагы сыйлык берилеби деген суроо берген.

Аталган агенттиктин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн билдиргенине караганда жакында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова менен Нурбек Изабековду кабыл алып, сыйлык тапшырары күтүлүүдө.

"Азырынча кандай сыйлык берилери белгисиз. Өкмөт башчы алар менен жакынкы күндөрү жолугат. Спорт агенттиги Тыныбекованын машыктыруучусуна жакшы шарттарды түзүп бергенге аракет кылып келебиз. Жакшы айлыгы бар. Мындан тышкары, балбан кыздар ири мелдеште ийгилик жаратып, премия алса, ал сумманын 25 пайызы жеке машыктыруучусуна берилет. Бирок бул спортчунун акчасынан алат дегенди билдирбейт. Маселен, Айсулуу Азия оюндарынан кийин 1 миллион сом алса, ал өзүндө эле калат. Мамлекет ошол миллион сомдун 25 пайызын машыктыруучуга эсептеп өзүнчө берет", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Нурбек Изабековго мамлекет тарабынан КРдин дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген ишмер, эмгек сиңирген машыктыруучу наамдары берилгени кошумчаланды.

Изабеков Айсулуу Тыныбекованы он жылдан бери машыктырып келет. Натыйжада ал Кыргызстандын тарыхында Олимпиада (Лондон) оюндарына катышкан биринчи кыз болгон. Ошондой эле алгач ирет чоңдор арасындагы Азия чемпионатын үч жолу жеңип, бир жолу Азия оюндарынын, бир жолу дүйнө чемпионатынын алтын байгесин ала алган

Күрөш боюнча Азия оюндарынын коло байгесинин ээси Мээрим Жуманазарова - Sputnik Кыргызстан
Баары алдыда! Азия чемпионатынын эң ажарлуу балбаны Мээрим Жуманазарова менен маек
Нурбек Изабеков 1970-жылы 15-февралда Талас районунун Жерге-Тал айылында төрөлгөн. Эркин күрөш боюнча эл аралык класстагы спорт чебери. 1988-1989-жылдары СССРдин спорт интернаттары арасындагы чемпионатта алтын медаль уткан, Бүткүл союздук жаштар оюндарында үчүнчү орунду, СССРдин чемпионатында эки ирет коло медаль тагынган. 1995-жылы Филиппиндеги, 1999-жылы Ташкенттеги Азия чемпионатында вице-чемпион болгон.  2000-2007-жылдары күрөш жана бокс боюнча олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде методист, машыктыруучу болуп эмгектенген. 2007-2009-жылдары  Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын улук машыктыруучусу. 2010-жылдан тарта Кыргызстандын аялдар күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0