Бишкекте мушкерлердин беттеши өтүп, жеңүүчүгө Toyota Camry унаасы берилет

© AFP / KEVORK DJANSEZIANАвтомобили Toyota Camry SE
Автомобили Toyota Camry SE - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи WEF Grand Prix турнири ушул жылдын 21-мартында өтүп, жалаң 66 килограмм салмактагы мушкерлер күч сынашкан. Анда "Тайсон" каймана аты менен таанымал спортчу Канат Келдибеков жеңүүчү аталып, Mercedes-Benz унаасын алган.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк кулатуу эр таймаш федерациясынын Grand Prix сериясындагы экинчи турнири өтөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган уюмдун президенти Руслан Кыдырмышев билдирди.

Мелдеш 27-октябрда Кожомкул атындагы спорт сарайында өтөт.

"Турнирде эң жеңил салмактагы (57 килограмм) кыргызстандык мушкерлер күч сынашат. Финалдык баскычтардын бардыгында тең жеңишти камсыздап, чемпион болгон мушкерге Toyota Camry 45 үлгүсүндөгү унаа берилет. Экинчи орунду алган спортчуга 50 миң сом, ал эми жарым финалга чыккан эки мушкерге 25 миң сомдон ыйгарылат", — деп билдирди Кыдырмышев.

Мелдешке катыша турчу спортчулардын тизмеси:

  • Мырзамидин Пазылов (чемпион);
  • Ариет Бекишев (экс-чемпион);
  • Рыскул Ибрагимов;
  • Шермухамбетмуса Мухамбетмуса;
  • Рамазан Могуев;
  • Руслан Кудайбердиев;
  • Улукбек Аманбаев;
  • Нурлан Курманалиев;
  • Каныбек Бейшеев;
  • Бектурсун Кайыпназар уулу;
  • Рамазан Маматазим уулу;
  • Алманбет Нусратилла уулу;
  • Данияр Жаныбек уулу;
  • Мыктыбек Өскөнбаев;
  • Алманбет Абдывасы уулу;
  • Чынтемир Урматбек уулу;
  • Бостон Анарбаев.
  • Тизме дагы уланышы мүмкүн.

Биринчи WEF Grand Prix турнири ушул жылдын 21-мартында өтүп, жалаң 66 килограмм салмактагы мушкерлер күч сынашкан. Анда "Тайсон" каймана аты менен таанымал спортчу Канат Келдибеков жеңүүчү аталып, Mercedes-Benz унаасын алган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0