11:45 02 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD82.2000
  • EUR90.0665
  • RUB1.0389
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
111 0 0

Мелдешке Кыргызстандын жана Өзбекстандын балбандары катышып, 12 салмак категория боюнча күч сынашкан. Жеңүүчүлөр медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланды.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарында эркин күрөш боюнча Токтосун Шадыхановдун элесине арналган өспүрүмдөр арасында эл аралык турнир өттү. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине уюштуруучулар кабарлады.

  • Победители турнира по вольной борьбе среди подростков в Таш-Кумыре, посвященной Токтосуну Шадыханову
    Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарында эркин күрөш боюнча Токтосун Шадыхановдун элесине арналган өспүрүмдөр арасында эл аралык турнир өттү.
    © Фото / Азамат Калысбеков
  • Победители турнира по вольной борьбе среди подростков в Таш-Кумыре, посвященной Токтосуну Шадыханову
    Турнирге Кыргызстандын жана Өзбекстандын 300дөй жаш балбаны катышып, 12 салмак категория боюнча күч сынашкан. Мелдешке Казакстан менен Тажикстандын спортчулары келе албай калган.
    © Фото / Азамат Калысбеков
  • Победители турнира по вольной борьбе среди подростков в Таш-Кумыре, посвященной Токтосуну Шадыханову
    Натыйжада командалык эсеп боюнча биринчи жана үчүнчү орунду Бишкек шаарындагы спорт мектеби менен клубу, ал эми экинчи орунду Ош шаарынын командасы алган.
    © Фото / Азамат Калысбеков
1 / 3
© Фото / Азамат Калысбеков
Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарында эркин күрөш боюнча Токтосун Шадыхановдун элесине арналган өспүрүмдөр арасында эл аралык турнир өттү.

Турнирге Кыргызстандын жана Өзбекстандын 300дөй жаш балбаны катышып, 12 салмак категория боюнча күч сынашкан. Мелдешке Казакстан менен Тажикстандын спортчулары келе албай калган.

Натыйжада командалык эсеп боюнча биринчи жана үчүнчү орунду Бишкек шаарындагы спорт мектеби менен клубу, ал эми экинчи орунду Ош шаарынын командасы алган. Жеңүүчүлөр медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланган.

Уюштуруучулар белгилегендей, Токтосун Шадыхановдун элесине арналган мелдеш 2009-жылдан бери өткөрүлүп келет. Ал шаардык кеңештин депутаты, Таш-Көмүрдүн ардактуу атуулу болгон. Ошондой эле спорт менен машыккан.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.

Тема боюнча

Кыргызстандык спортчу Денис Петрашов Азия чемпиону аталды. Сүрөт
Адилет Камчыбеков пауэрлифтинг боюнча дүйнө кубогунан коло алды. Сүрөт
Белгилер:
мелдеш, күрөш, эркиндик, спорт, Жалал-Абад облусу

ЭҢ МААНИЛҮҮ