01:44 25 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7875
  • EUR98.7011
  • RUB1.1965
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары (248)
93 0 0

Турнирге 18 мамлекеттин спортчулары келиши күтүлүүдө. Өлкө намысын алты кыз жана алты эркек бала коргомокчу. Турнир жеке жана командалык эсеп боюнча жүргүзүлөт.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бишкекте заманбап спорттун беш түрү (пятиборье — ред.) боюнча эл аралык мелдеш өтө турганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Турнир эл аралык класстагы спорт чебери, дүйнө чемпиону Юрий Хоришкого арналып, 27-29-сентябрь күндөрү болот.

"Мелдеш Олимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн упай топтоо максатында өткөрүлөт. Ошондой эле аталган спорттун түрүн өнүктүрүүнү жана жайылтууну көздөйт", — деп айтылат маалыматта.

Турнирге 18 мамлекеттин спортчулары келиши күтүлүүдө. Алар Россия, Испания, Түркия, Латвия, Бразилия, Казакстан, Болгария, Италия, АКШ, Украина, Венгрия, Грузия, Япония, Финляндия, Гватемала, Жаңы Зеландия жана Таиланд.

Өлкө намысын алты кыз жана алты бала коргомокчу. Турнир жеке жана командалык эсеп боюнча жүргүзүлөт.

Мелдештин түрлөрүнө фехтование, сууда сүзүү, эркектер арасында ат чабыш, чуркап баратып ок атуу жана ат минүү кирет. Андан тышкары, жаштар жана чоңдор арасында эстафета каралган.

Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары (248)

Тема боюнча

Президент Айсулуу Тыныбековага үч бөлмөлүү батир белек кылды
Белгилер:
Бишкек, турнир, спорт

ЭҢ МААНИЛҮҮ