Күйөрмандар таштанды ыргытып Неймардын айласын кетиришти. Видео

© AFP / JEFF PACHOUD"Пари-Сен Жермен" клубунун оюнчусу Неймар
Пари-Сен Жермен клубунун оюнчусу Неймар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү футболчу Неймарды стадиондун кызматкерлери калкалап, ыргыган стакан менен ширенин банкаларын тосууга аракет кылышты.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. "Лион" футбол клубунун күйөрмандары франциялык "Пари-Сен Жермен" клубунун оюнчусу Неймарга трибунадан таштанды ыргытышты.

Мындай окуя Франция чемпионаты учурунда болгон. Анда париждиктер 1:0 упай эсебинде жеңүүчү болгон.

​Бразилиялык спортчу топту бурчтан тээп берейин дегенде, ага карата кемсинткен сөздөр айтылып, желим стакандар менен ширенин банкалары ыргыган. Эреже боюнча ал бурч жакка стюарддар "коргонуу дубалына" тургандан кийин гана тебе алмак.

"Пари-Сен Жермендин" күйөрмандары Неймар жайында "Реалга" кетем же "Барсага" кайтам дегенден кийин көп жактырбай калышкан. Натыйжада футболчу эч жакка кеткен эмес. Буга чейин ал эсте калган беттеши 2016-2017-жылдагы Чемпиондор лигасынын 1/8 финалындагы "Барса" менен ПСЖ командаларынын оюну экендигин айткан. Анда Неймар ойногон испан клубу 4:0 эсебинде утулса, кийинки мелдеште Барселона 6:1 эсебинде жеңген. Мындан тышкары, ал күйөрмандарынын сынына дагы оңтойлуу жооп бербей келет.

Аналитиктердин пикиринде, Неймардын күйөрмандары футболчу туруктуу оюн көргөзүп, командасына берилгендигин көрсөтсө гана кечире алышат.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0