12:50 18 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.9922
  • RUB1.0933
Балбан Акжол Махмудов. Архивдик сүрөт

Балбандар дагы кайсы турнирлерден Олимпиадага жолдомо алса болот. Тизме

© Фото / Facebook / United World Wrestling
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
461 0 0

Sputnik маалымат агенттиги Бириккен күрөш уюмунун (UWW) календарына баш багып, кыргызстандык балбандар Токиодо өтө турчу Олимпиадага баруу үчүн кайсы турнирлерден лицензия алса болорун билди.

БИШКЕК, 23-cен. — Sputnik. Быйыл жаздан тарта балбандар үчүн 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо бере турчу квалификациялык турнирлер башталды.

Жалпы жонунан 288 лицензия берилип, күрөштүн ар бир түрүнө (грек-рим, эркин, кыз-келиндер күрөшү) 96дан бөлүштүрүлөт.

Олимпиадага биринчи лицензиялар 14-22-сентябрь күндөрү Нур-Султан шаарындагы дүйнө чемпионатында берилди. Бул мелдеш спортчулар үчүн абдан маанилүү болуп саналат. Себеби алдыңкы 6 орунга илингендер автоматтык түрдө Олимпиадага катыша алат. Башка мелдештерде финалга чыккандарга гана жолдомо берилет.

Нур-Султандагы мелдешке өлкө атынан 22 балбан барган. Эркектердин арасынан грек-рим күрөшүнүн балбаны Атабек Азисбеков жолдомо алды. Ал килем бетинде 87 килограмм салмакта күч сынашып, бешинчи орунду алган.

Кыздардан Айсулуу Тыныбекова ишенимдүү түрдө лицензия утту. Ал Кыргызстандын тарыхында чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында алтын байге алган биринчи балбан болуп калды. Спортчу 62 килограмм салмакта беттешип келет.

Эми Казакстандагы мелдештен кийин кыргызстандык балбандар континенталдык турнирде жолдомо алышы керек. Белгилей кетсек, бул турнирде финалисттерге гана лицензия берилет.

Мелдеш 27-29-март күндөрү Кытайда өтөт. Ушундай эле турнирлер Панамерика аймагында, Европада, Африка жана Океанияда өтөт

Калган лицензияны спортчулар 30-апрелден 3-майга чейин Болгариянын борбору Софияда өтө турчу ири мелдештен ала алат.

Тема боюнча

Сүйүнчү! Кыргызстандын волейболчулары Азия чемпиону болду
Облус, шаарлардын парады, эстафета. Көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи видеодо
Чемпион кыз Айсулуу кийинки кадамдарын айтты
Белгилер:
Олимпиада, турнир, лицензия, балбан, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ