Спортту баскетболдон баштаган. Атактуу Тыныбекова тууралуу 6 факты

© Фото / пресс-служба ГАМФКиСКыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова
Кыргызстандык спортчу  Айсулуу Тыныбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тыныбекова Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатынан алтын байге утту. Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги атактуу балбан тууралуу фактыларды даярдады.

Күрөш түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты Нур-Султан (Казакстан) шаарында өттү. Кыргызстандык спортчу финалда болгариялык Тайбе Юсейнди 5:3 эсебинде утуп алды.

Медиктердин үй-бүлөсүнөн

Айсулуу Тыныбекова 1993-жылы 4-майда Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында төрөлүп, үч жашынан тарта Нарын облусундагы Кочкор районунун Теңдик айылында чоңойгон. Ата-энеси медицина кызматкерлери. Өзүнөн улуу эки эжеси, агасы жана иниси бар. Үй-бүлөсү күрөшкө жакын болбосо дагы Айсулуунун апасы аларды кечкисин чуркатып турчу.

Спортту баскетбол, таэквондодон баштаган

8-класска чейин мектепте баскетбол боюнча курама команданын капитаны болгон. 9-класста окуп жүргөндө Кочкордо таэквондо менен машыга баштаган. 10-классты бүткөндө күрөш менен машыгып, борборго бат-баттан каттагандыктан, мектепти Бишкек — Кочкор жолунда аяктаган. Алгач күрөш боюнча Нарын облусунун биринчилигине катышып, ыкмасы жок эле, кара күчкө салып чемпион болгон.

© Фото / пресс-служба ГАМФКиСАйсулуу Тыныбекова 1993-жылы 4-майда Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында төрөлгөн
Спортту баскетболдон баштаган. Атактуу Тыныбекова тууралуу 6 факты - Sputnik Кыргызстан
Айсулуу Тыныбекова 1993-жылы 4-майда Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында төрөлгөн

Машыктыруучусу Нурбек Изабеков менен таанышуусу

2010-жылы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде окуп, машыгып жүргөндө агайы Сабыр Рысбеков азыркы машыктыруучусу Нурбек Изабеков менен тааныштырган. Айсулуу машыктыруучусу тууралуу "Нурбек агай мени жаңы деңгээлге көтөрүп чыкты. Алтындай убактысын, баалуу нерселерин мен үчүн курман кылды. Ар мелдеште анын эмгегин текке кетирбөө үчүн жакшы күрөшүүгө умтулам" деп айтканы бар.

2009-жылы күрөш боюнча курама командага кирип, кийинки жылы Азия чемпионатында коло медаль алган. Андан кийин да көптөгөн эл аралык мелдештерде байгелүү орундарга ээ болгон. 2012-жылы Тыныбекова Олимпиадага катышып, 13-орунга гана татыган. Муну менен балбан кыздардын арасынан Олимпиадага катышкан биринчи кыз болгон.

2013-жылы Азия чемпионатынан коло медаль алса, 2014-жылы Азия оюндарынан коло байгени багындырган. 2014-2015-2016-жылдары Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болгон.

© REUTERS / TORU HANAI2014-2015-2016-жылдары Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болгон
Спортту баскетболдон баштаган. Атактуу Тыныбекова тууралуу 6 факты - Sputnik Кыргызстан
2014-2015-2016-жылдары Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болгон

Рио Олимпиадасындагы алтынга тете жеңиши

Балбан 2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн жайкы Олимпиада оюндарына катышып, коло байге үчүн кармашта индиялык Сакши Маликке утулуп калган. Спортчу жеңишке аз калганда жеңилип, байгени колунан алдырып ийген.

Тыныбекова быйыл, 2019-жылы, Азия чемпиону болгон. Ал журналисттерге берген маегинде Олимпиададан кийин жарым жыл стресс болуп жүргөнүн айтып берген. Анткен менен индиялык Сакши Маликти 2018-жылы Азия оюндарынын жарым финалында 9:7 эсеби менен утуп, өчүн алган.

Жаракаты

2017-жылы Айсулуу Тыныбекова Польшада өткөн эл аралык турнирдин финалында күрөшүп жатып ийинин оорутуп алган. Бир нече ай Германияда дарыланганын машыктыруучусу редакцияга айтып берген. Мындан улам балбан спорттон алыстап, мелдештерге убактылуу катышпай калган.

2018-жылы Жакартадагы Азия оюндарында күмүш байге алган.

© Фото / пресс-служба ГАМФКиСБалбандардын ичинен Айсулуу Тыныбекова Нур-Султан шаарында өткөн чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында алтын байге утуу менен тарыхка кирди
Спортту баскетболдон баштаган. Атактуу Тыныбекова тууралуу 6 факты - Sputnik Кыргызстан
Балбандардын ичинен Айсулуу Тыныбекова Нур-Султан шаарында өткөн чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында алтын байге утуу менен тарыхка кирди

Тарыхка кириши

Балбандардын ичинен Айсулуу Тыныбекова Нур-Султан шаарында өткөн чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында алтын байге утуу менен тарыхка кирди. Ал эми 2007-жылы Канат Бегалиев, 2018-жылы Жоламан Шаршенбеков күмүш байге алышкан.

Мындан тышкары, Тыныбекова 2020-жылы Токиодо өтө турчу Олимпиада оюндарына лицензия алды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0