Улуттук көчмөндөр оюндары: Чүйдүн улакчылары Таластын командасын жеңип алды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЧемпионат Республики Алтай по национальной игре "Кок-бору"
Чемпионат Республики Алтай по национальной игре Кок-бору - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй командасынын финалдагы атаандашы Бишкек шаары менен Ош облусунун беттешинен кийин белгилүү болот.

БИШКЕК, 20-cен. — Sputnik. Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан көк бөрү оюнунун финалына Чүй облусунун командасы чыкты.

Кубок президента по кок бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Жерде жаткан Манас, ызырынган Сейитбек. Көк бөрү финалындагы кызыктуу сүрөттөр
Белгилей кетсек, Талас облусунда 16-сентябрь күнү Көчмөндөр оюндары башталган. Улуттук иш-чара 21-сентябрга чейин уланат.

Чүйдүн улакчылары таластыктар менен беттешип, 5:2 эсебинде жеңип алды.

Эми Ош облусу менен Бишкек шаарынын командалары оюн талаасына чыкты. Жеңүүчү команда финалда Чүй облусунун оюнчулары менен кездешип, баш байге үчүн ат салышат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0