Кылганым мекеним үчүн! Тыныбекова жеңишинен кийин кыргыз элине кайрылды

© Sputnik / Абзал КалиевТрехкратный чемпион Азии, борец Айсулуу Тыныбекова
Трехкратный чемпион Азии, борец Айсулуу Тыныбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык белгилүү спортчу Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатынын финалында болгариялык Тайбе Юсеин менен беттешмекчи. Атаандашы 2018-жылы дүйнө чемпионатын жеңген.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Нур-Султанда өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын финалына чыккан кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Sputnik Казакстан маалымат агенттигинин кабарчыларына комментарий берди.

Чемпионата мира по спортивной борьбе в Астане. Женская борьба до 62 кг - Sputnik Кыргызстан
Тарыхый окуя! Тыныбекова алгач ирет дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Видео
Эске сала кетсек, Тыныбекова дүйнө чемпионатынын финалында күрөшө турган Кыргызстандагы биринчи кыз болду. Ал алгачкы кармашында мексикалык Алехандра Ромеро Бонильяны 8:0 эсеби менен утса, 8/1 финалда япониялык Юкако Каваини таза жеңиш менен жеңген. Ал эми чейрек финалда украиналык Юлия Ткачты 9:6 эсеби менен утуп, Олимпиада оюндарына лицензия алган. Жарым финалда түндүк кореялык Йонг Сим Римди 8:0 эсеби менен утуп, финалга чыкты.

"Мен кылып жаткан нерселердин бардыгы мекеним (Кыргызстан) жана күйөрмандарым үчүн. Кармаштар оңой болгон жок. Чемпионаттагы ар бир беттешим оор болду", — деген спортчу.

Спортчу финалда болгариялык дүйнө чемпиону Тайбе Юсеин менен беттешмекчи.

Белгилей кетсек, ири турнир 14-сентябрда башталган, эми 22-сентябрда жыйынтыкталат. Буга чейин грек-рим күрөшүнүн балбандары күчүн сынап, Атабек Азисбеков гана бешинчи орунду алып, Токио Олимпиадасына жолдомо алды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0