19:48 01 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD79.4881
  • EUR93.2356
  • RUB1.0286
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары (40)
1467 0 0

Спортчу биринчи кармашында мексикалык Алехандра Ромеро Бонильяны 8:0 эсеби менен утса, 8/1 финалда япониялык Юкако Каваини таза жеңиш менен жеңген.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатынын чейрек финалында украиналык Юлия Ткач Остапчукту жеңип, жарым финалга чыкты. Муну менен спортчу Олимпиада оюндарына лицензия алды. Бул тууралуу Бириккен күрөш федерациясынын (UWW) расмий сайтында көрсөтүлдү.

Казакстандын Нур-Султан шаарында күрөш түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат. Ал Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо берчү турнир болуп эсептелет. Аталган мелдеште алдыңкы беш орундукка илингендер лицензия алары айтылган.

Спортчу алгачкы кармашында мексикалык Алехандра Ромеро Бонильяны 8:0 эсеби менен утса, 8/1 финалда япониялык Юкако Каваини таза жеңиш менен жеңген.

Белгилей кетсек, ири турнир 14-сентябрда башталган, эми 22-сентябрда жыйынтыкталат. Буга чейин грек-рим күрөшүнүн балбандары күчүн сынап, Атабек Азисбеков гана бешинчи орунду алып, Токио Олимпиадасына жолдомо алды.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Тема:
2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары (40)

Тема боюнча

Айсулуу Тыныбекова алгачкы атаандашын ай-буйга келтирбей жеңип алды. Видео
Тыныбекова япониялык кызды таза жеңиш менен утуп, чейрек финалга чыкты. Видео
Белгилер:
күрөш, дүйнө чемпионаты, Айсулуу Тыныбекова, Нур-Султан, Казакстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ