Таластагы Көчмөндөр оюндары алты саатка кечигип башталды. Себеби

© Sputnik / Табылды КадырбековФинал турнира высшей лиги по кок-бору в Бишкеке. Достук — Ынтымак
Финал турнира высшей лиги по кок-бору в Бишкеке. Достук — Ынтымак - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ат майдан даяр болбогондуктан көк бөрү боюнча мелдештер саат 16:00дө башталды. Улакчылар саамалык бүткөнгө чейин күн сайын бүйүр кызыткан оюн тартууламакчы.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Бүгүн Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндары көк бөрү менен башталды. Ага катышуу үчүн өлкөнүн жети облусунан чогулган спортчулар улуттук оюндардын жети түрү боюнча күч сынашат.

Белгилей кетсек, иш-чара саат 10.00гө белгиленген. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат катчысы Нурпери Садырбекова ипподромдун отургучтары толук даяр болбогондуктан башталышы алты саатка кечиккенин билдирди.

Көк-бөрү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Дүңгүрөгөн ачылыш болбойт. Таласта өтчү Көчмөндөр оюндарынын программасы
Аталган агенттик түзгөн программага ылайык, 21-сентябрга чейин ат оюндары Алканов атындагы ипподромдо болот. Күрөштүн түрлөрү боюнча балбандар "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда беттешет.

Оюндардын маданий бөлүгү 19-сентябрда "Манас Ордо" тарыхый комплексинде өтөрү күтүлүп жатат. Ал эми иш-чаранын жыйынтыктоочу бөлүгү 21-сентябрга белгиленген.

Улуттук көчмөндөр оюндарынын расмий бөлүгүнө президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, өкмөт мүчөлөрү, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана эл аралык уюмдардан коноктор катышмакчы.

Иш-чаранын алкагында жети дубандан барган 700 катышуучу өздөрүнүн оюн-зоок жана маданий программаларын тартуулашат. Таймашкан спортчуларга 63 калыс баа берсе, маданий иш-чараларга жалпысынан 2000 адам катышары күтүлүп жатат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0