Намыска жарады! Балбан Атабек Азисбеков Олимпиада оюндарына лицензия утту

© Sputnik / Табылды КадырбековЧемпионат Азии по борьбе во Дворце спорта в Бишкеке
Чемпионат Азии по борьбе во Дворце спорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты Казакстандын борборунда өтүүдө. Кыргызстандык спортчу килемде 87 килограмм салмакта күрөштү.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Атабек Азисбеков күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы менен 2020-жылы Токиодо өтө турчу Олимпиада оюндарына лицензия утуп алганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.

Дүйнө биринчилиги Нур-Султан шаарында өтүүдө. Мелдештен бешинчи орунга чейин орун алгандар Токио Олимпиадасына катышат.

Кыргызстандык спортчу килемде 87 килограмм салмакта күрөшүүдө. 1/16 финалда литвалык балбанды жеңип, бирок 1/8 финалда венгриялык спортчуга утулуп калган.

15-ый турнир кулатуу эр таймаш (WEF) в Оше - Sputnik Кыргызстан
Көтөрүп чаап, колун чыгарды. WEF уюмундагы беттештердин видеолор топтому
Анткен менен венгриялык спортчу финалга чыгып, натыйжада кыргыз спортчусу коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган. Азисбеков жооткотуучу беттештерде түркмөн жана кытай балбандарын уткан.

Жыйынтыгында ал мыкты беш спортчунун катарына кирип, Олимпиада оюндарына лицензия алган. Ошондой эле Азисбеков коло байге үчүн өзбекстандык Рустам Ассакалов менен кармашат.

Муну менен ал балбандардын ичинен биринчи жолу ири оюнга жолдомо алды. Буга чейин лицензияны жөө күлүк Юлия Андреева менен сууда сүзүүчү Денис Петрашов алган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0