Жубайына бала кезден ашык болгон. Эң кымбат мушкер Хабиб тууралуу 12 факты

© REUTERS / Christopher PikeРоссиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов. Архив
Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов дүйнөнү дүңгүрөтүп турган чагы. Беделдүү UFC уюмунун чемпиону жөнүндө спортко кызыкпайм деген адам дагы билет.

Нурмагомедов UFC уюмунун жалпы рейтинги боюнча экинчи орунда турат. Аталган уюмдун тарыхында эң көп гонорар ала турган спортчу. Ал ушул жылдын 8-сентябрында Абу-Даби шаарында америкалык мушкер Дастин Порьени жеңип, чемпиондук титулун сактап калды. Сый акы катары ага UFC тарабынан 6 миллион доллар берилери кепилденип, бул рекорддук сумма экендиги айтылган.

"Бүркүт" каймана атын алган мушкер октагондо бир дагы ирет жеңилген эмес. ММА боюнча 28 беттештин жеңүүчүсү.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Хабиб Нурмагомедовдун спорттогу жолуна, ийгиликтерине, үй-бүлөсүнө жана башка учурларына кененирээк токтолмокчу.

Алма сабагынан алыс түшпөйт

Хабиб 1988-жылы 20-сентябрда Дагестандагы (Россия) Сильди айылында туулган. Улуту — авар. Атасы Абдулманап Нурмагомедов эркин күрөш жана самбо боюнча Украинанын чемпиону. Атасынын агасы күжүрмөн самбо боюнча дүйнө чемпиону. Таякеси эркин күрөш боюнча спорт чебери. Хабиб иниси Абубакар менен беш жашынан тарта атасынын колунда машыга баштаган.

2001-жылы Хабибдин үй-бүлөсү Махачкалага көчүп келет. Атасы ал кезде күжүрмөн самбодон машыктыруучу болуп турган. Хабиб эркин күрөш менен машыккан. Ал бир ирет кассетадагы эрежесиз уруштарды көрүп, бул спортко кызыгуусу артып баштайт. Бирок атасы күрөштү дагы үйрөнүшү керектигин айтып, самбо жана дзюдого берген. Сыягы учурда күрөштөн камчы салдырбай тургандыгы да ушундан болсо керек.

Аюу менен алышып...

Хабиб 2018-жылы алгач ирет UFC уюмунун чемпиону болгондон кийин социалдык тармактарда анын кичинекей чагында аюнун мамалагы менен алышкан видеосу тараган.

Видео 1997-жылы, спортчу тогуз жашар кезинде Махачкалада тартылганы белгилүү болгон. Атасы Абдулманап Хабиб өзүнөн оор жана тумшук кабы жок мамалактан коркпой күрөшкөнүн айтып берген.

Быйыл, 2019-жылы, Нурмагомедовдун мамалак менен күрөшкөн видеосу жарыяланган.

Видео качан тартылганы белгисиз. Бирок спортчунун азыркы кези экенин көрүүгө болот.

Федор Емельяненкого таасирленчү

Хабиб Нурмагомедов элге тааныла элек кезде Федор Емельяненко Россиянын атактуу спортчусу болуп турган. Мушкер ал туураалуу "Федор бардык спорттун түрүндө мыкты. Жүрүм-туруму, мүнөзү үлгү алгыдай эле. Биз анын беттештери менен өстүк. Ал рингде утса да, жеңилсе да бир мүнөз. Мен ал тууралуу эч качан жаман уккан эмесмин. Ага мушкер катары да, адам катары да суктанам" деп айтканы бар.

Кароолчу болуп кете жаздап…

Хабиб 19 жашында спортту таштап күзөт кызматына жумушка орношууну чечет. Бирок атасы болбой коет. "Эгер сен бир жерде иштесең, машыга албайсың. Спортчу болуш үчүн өзүңдү ага бүтүндөй арнашың керек. Сенин милдетиң — жакшылап тамактанып, залга калтырбай баруу. Калганын мен берем. Сага суу менен жол киреге эле акча керек. Тамакты үйдөн эле ичсең болот", - деп айткан. Атасынын кыраакылыгы уулун бийик деңгээлге алып чыкты деп айтууга болот.

Эрежесиз урушка келиши

2008-жылы аралаш мушташ боюнча профессионалдар арасында CSFU: Champions League турниринде атаандашын муунтуу ыкмасы менен утуп, карьерасындагы алгачкы жеңишин камсыздаган. Андан кийин PAC, ТFC, М-1, ProFC уюмдарында беттеш өткөргөн.

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүХабиб 1988-жылы 20-сентябрда Дагестандагы (Россия) Сильди айылында туулган. Улуту — авар.
Жубайына бала кезден ашык болгон. Эң кымбат мушкер Хабиб тууралуу 12 факты - Sputnik Кыргызстан
Хабиб 1988-жылы 20-сентябрда Дагестандагы (Россия) Сильди айылында туулган. Улуту — авар.

Sherdogg порталынын маалыматы боюнча, мушкер 28 беттешти утуп, бир дагы ирет жеңилген эмес. Ал жакта мелдештердин онун муунтуу ыкмасы менен, дагы онун калыстардын чечими менен, ал эми сегизин нокауттар менен утканы жазылган.

"Бүркүт" аталып", папах менен чыгышы

ММА спортунда жөн гана беттешип коюу аздык кылары маалым. Мушкерлерде каймана ат, кармаштагы стиль, шоунун элементтери болушу керек.

"Спортто өзүмө ат табышым керек болду. Бүркүт (The Eagle — ред.) — Дагестандын символу. Эл менин атымды укканда ушуга окшош бир нерсени элестетиши керек болду. Анан улуттук баш кийимибиз папахты кийип чыгууга эмнеге болбосун дедим", — деп айтып берген Нурмагомедов.

Спортчу учурда көпчүлүк папах жана Дагестан тууралуу билишерин белгилеген.

© AFP / Harry How / Getty ImagesSherdogg порталынын маалыматы боюнча, мушкер 28 беттешти утуп, бир дагы ирет жеңилген эмес. Ал жакта мелдештердин онун муунтуу ыкмасы менен, дагы онун калыстардын чечими менен, ал эми сегизин нокауттар менен утканы жазылган.
Жубайына бала кезден ашык болгон. Эң кымбат мушкер Хабиб тууралуу 12 факты - Sputnik Кыргызстан
Sherdogg порталынын маалыматы боюнча, мушкер 28 беттешти утуп, бир дагы ирет жеңилген эмес. Ал жакта мелдештердин онун муунтуу ыкмасы менен, дагы онун калыстардын чечими менен, ал эми сегизин нокауттар менен утканы жазылган.

UFC уюмундагы жолу, жаракаты, ийгилиги

2012-жылы дүйнөдөгү беделдүү делген UFC уюмунда тушоосун кесип, америкалык Камал Шалорусту муунтуу ыкмасы менен уткан. "Мен анда 23 гана жашта элем, көбү UFC уюмун кол жеткис деп, ага баруу мага эрте экендигин айтышкан. Андай сөздөр мени чыйралтты. Октагонго чыгып, өзүмдү көрсөтүүнү чыдамсыздык менен күттүм", - деп эстейт мушкер жагымдуу учурун.

Хабиб 2012-2014-жылдар аралыгында UFC уюмунда Глейсон Тибау, Тиаго Таварес, Абел Трухильо, Пэт Хил жана Рафаэль Дус Анжус аттуу мушкерлерди уткан.

2014-жылы тизесинен жаракат алып америкалык Тони Фергюсон менен беттешпей калат. Кийинки жылы кабыргасын жабыркатып алып спорттон оолактайт. 

© AP Photo / John LocherХабиб Нармагомедов менен Тони Фергюсондун беттеши 2014-жылдан бери ар кандай себептерден улам болбой келет
Жубайына бала кезден ашык болгон. Эң кымбат мушкер Хабиб тууралуу 12 факты - Sputnik Кыргызстан
Хабиб Нармагомедов менен Тони Фергюсондун беттеши 2014-жылдан бери ар кандай себептерден улам болбой келет

2016-жылы Нурмагомедов менен Фергюсондун мелдеши кайрадан уюштурулуп, бирок бул ирет америкалык мушкер жаракат алганына байланыштуу болбой калган. Хабиб эки жылдык тыныгуудан кийин октагонго кайтып, Даррелл Хорчер жана Майкл Жонсон аттуу мушкерлерди утат.

2017-жылы 4-мартта Лас-Вегаста россиялык мушкер UFC уюмунун утурумдук чемпиону болуп турган Тони Фергюсон менен кайрадан беттешери айтылат. Жеңүүчү жеңил салмактагы чемпион Конор Макгрегор менен беттешери убадаланат.

Бирок беттеш алдында Хабиб өзүн жаман сезип, ден соолугу начарлагандыктан турнирге катышпай калат. Жылдын аягында бразилиялык Эдсон Барбозаны калыстардын чечими менен утат.

2018-жылы апрелде россиялык мушкер кайрадан Тони Фергюсон менен чемпиондук наам үчүн беттешери жар салынат. Бирок америкалык спортчу бутунан жаракат алганын айтып, кечирим сураган.  Хабиб анын ордуна Эл Яквинта аттуу мушкер менен октагондон күч сынашып, калыстардын чечими менен утуп, алгачкы ирет UFC уюмунун чемпиондук курун тагынат.

Конор Макгрегор менен тиреши

2018-жылы октябрь айында Лас-Вегаста өтө турчу UFC 229 турниринин алкагында Хабиб Нурмагомедов ирландиялык атактуу мушкер Конор Макгрегор менен беттешип, чемпиондук наамын коргой турганы айтылат. Бул кармаш көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан. Макгрегор адатынча атаандашынын безине тийген, кемсинткен ачуу сөздөрдү айтып шоу жараткан. Алардын маалымат жыйыны, журналисттерге маек бергени, социалдык тармактагы кайрылуулары спорт сүйүүчүлөрүнүн көз алдында болгон.

© AP Photo / John LocherКөп айтылып, даңаза болгон Хабиб менен Конордун беттеши 2018-жылы күзүндө болгон. Россиялык мушкер ирландиялык спортчуну муунтуу ыкмасы менен утуп алган.
Жубайына бала кезден ашык болгон. Эң кымбат мушкер Хабиб тууралуу 12 факты - Sputnik Кыргызстан
Көп айтылып, даңаза болгон Хабиб менен Конордун беттеши 2018-жылы күзүндө болгон. Россиялык мушкер ирландиялык спортчуну муунтуу ыкмасы менен утуп алган.

Беттеште Хабиб Конорду муунтуу ыкмасы менен утуп алган. Кармаштан кийин россиялык мушкер октагондон секирип, буга чейин беделине шек келтирген атаандашынын командасына барып чыр салган. Натыйжада ал жакта башаламандык болгон. Мындан улам Невада штатынын Атлетикалык комиссиясы россиялык спортчуну тогуз айга дисквалификациялап, 500 миң долларга айыпка жыккан.

Ал эми Конор Макгрегор ушул убакка чейин UFC уюмунан Хабиб Нурмагомедов менен реванш өткөрүүнү суранып келет.

Хабибдин кийинки атаандашы ким?

Үстүбүздөгү жылдын 8-сентябрында россиялык мушкер Абу-Дабидеги UFC 242 турниринин алкагында америкалык мушкер Дастин Порьени муунтуу ыкмасы менен жеңип, чемпиондук наамын экинчи ирет коргоп калды. Эксперттер анын кийинки атаандашы Тони Фергюсон же Конор Макгрегор болот деп жоромолдогон. Анткен менен Хабибдин менеджери Али Абдель-Азиз анын каршылашы Жорж Сен-Пьер болушу мүмкүндүгүн жар салды.

​Ал арада россиялык мушкер менен беттешкиси келгендер көп болууда. Маселен, UFC уюмунун мурдагы чемпиону Тайрон Вудли менен мушкер Жастин Гэтжи беттешүү ниети бар экендигин билдирген.

Ольга Бузованы артка калтырып

UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов Россиядагы Instagram колдонуучуларынын арасында эң популярдуу болуп калды. Нурмагомедов баракчасына жазылгандардын саны боюнча ырчы жана белгилүү алып баруучу Ольга Бузовадан ашып кетти. Учурда Бузованын Instagram баракчасына 16,3 миллион киши жазылган болсо, Нурмагомедовдун баракчасына баш баккандардын саны 16,4 миллионго жетти.

Бишкекке келиши

Мушкер КРдин Улуттук олимпиада комитети тарабынан чакырылып, 2018-жылы 23-январда Кыргызстанга келген. Хабиб Бишкектеги соода борборлордун биринде 10 миңдей күйөрманы менен жолугуп, журналисттердин суроолоруна жооп берген. Ал бул туурасында Instagram баракчасына "Мен мындайды көргөн эмесмин!" деп ыраазычылыгын билдирген.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Khabib Nurmagomedov (@khabib_nurmagomedov)

Хабиб менен чогуу келген атасы Абдулманап Нурмагомедов Ош шаарында мастер-класс өткөн.

Нурмагомедов эң улгайган күйөрманы дал Кыргызстанда экендигин айтып, 103 жаштагы киши менен түшкөн сүрөтүн Instagram баракчасына жүктөгөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Khabib Nurmagomedov (@khabib_nurmagomedov)

Жеке жашоосун жашырат

Хабиб жеке жашоосу тууралуу кеп кыла бербейт. Чет элдик ЖМКлардын жазышынча, жубайы Патимат дагы Хабиб төрөлгөн Сильди айылында чоңойгон. Алар бири-бирин бала кезинен таанып, мектепте бирге окушкан. Патимат мушкердин биринчи сүйүүсү экендиги айтылат. Ал ортодо Хабиб башка айылга көчүп кетет. Бирок кызды көрүү үчүн туулган жерине келип турган.

Кыргызстандык мушер Мыктыбек Мамасалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Ак аюу" Мамасалиев 30 жашта! Бүк түшүргөн нокауттар, жолтоо болгон жаракат. Видео
Нурмагомедов 22 жашка чыкканда атасын куда түшүү үчүн Патиматтын ата-энесине жиберет. Кийинки жылы кавказ салты менен 1200 кишинин коштоосунда үйлөнүү тою болгон. Жубайынын жүзүн калың үлпүнчөк менен жаап көрсөткөн эмес. Убагында бул сүрөттү көргөн Конор Макгрегор россиялык спортчунун аялын "сүлгү" деп атап, кийинчерээк билдирүүсүн өчүргөн. Азыркыга чейин Хабибдин аялынын жүзү кандай экенин көпчүлүк билбейт.

Жубайлар 2015-жылы Фатима аттуу кыздуу, 2017-жылы Магомед деген уулдуу болгон. Баласы учурда чоң атасынын колунда аз-аздан машыгып жатканы маалым.

Ал эми Хабиб үчүнчү наристесин күтүп жатканын атасы Абдулманап журналисттерге кеп кылып берген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0