Көтөрүп чаап, колун чыгарды. WEF уюмундагы беттештердин видеолор топтому

© Sputnik / Зульфия Тургунова15-ый турнир кулатуу эр таймаш (WEF) в Оше
15-ый турнир кулатуу эр таймаш (WEF) в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарында өткөн WEF Global 15 эл аралык турниринин алкагында үч чемпиондук беттеш болгон. Кыргызстандык спортчулар он мамлекеттен келген мушкерлер менен күч сынашты.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кыргызстандык Кулатуу эр таймаш (WEF) уюму Global сериясындагы 15-турнирин Еrem спорт клубу менен биргеликте өткөрдү.

Беттештин видеолорун уюм Instagram баракчасына чыгарды.

Бети жарылып, колу-буту кайрылган спортчулар. WEF турниринин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Бети жарылып, колу-буту кайрылган спортчулар. WEF турниринин видеосу
Мелдеш 15-сентябрь, дүйшөмбү күнү, Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо болгон. Спорттук иш-чаранын ачылышына Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев, машыктыруучу Александр Воинов, "Ахмат" уюмунун Азиядагы лигасынын президенти Надыр Кадыров, WEF уюмунун президенти Руслан Кыдырмышев, вице-президенти, Ош спорт комитетинин жетекчиси Кылычбек Саркарбаев катышкан.

Турнирде кыргызстандык спортчулар Орто Азия, Россия, Азербайжан, Босния жана Герцеговина, Сербия, Белоруссия, Украина жана Словакиядан келген мушкерлер менен күч сынашкан. Мелдештин алкагында үч чемпиондук кармаш өттү.

WEF уюмунун 57 килограмм салмактагы чемпиону, кыргызстандык Мырзамидин Пазылов тажикстандык Субхон Абдуллаевди калыстардын чечими менен жеңип, наамын сактап калган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от @wef_videos

Кыргызстандык Бабамурат Жолдошов 18-секунданын ичинде сербиялык Иван Вичичти техникалык нокаут менен утуп, WEF уюмунун жаңы чемпиону болгон.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от @wef_videos

Ошондой эле дагы бир кыргызстандык спортчу Бекболот Абдылда уулу каршылашын техникалык нокаут менен утуп, Еrem спорт клубунун чемпиондук курун тагынды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от @wef_videos

Спорт сүйүүчүлөрүнүн бүйүрүн кызыткан беттештердин бирин кыргыз мушкери Алимардан Абдыкааров тартуулады. Ал украиналык Мантас Свирккени беттеш башталган учурда эле оор соккуларды узатып, алсыраткан. Бирок кармашты рефери кечирээк токтотконун байкоого болот.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от @wef_videos

Алимардан Абдыкааров нокауттары менен таанымал. Ал кыргызстандык Тайсонду жыга чаап, утуп кое жаздаган.

Эсте калган дагы бир кармашты атамекендик мушкер Бакберген Усенов көрсөттү. Ал украиналык Александр Горшечникти көтөрүп чапканда, чет элдик спортчунун колу чыгып кеткен.

Былтыркы WEF Global 14 турнири кандай өткөнүн Sputnik Кыргызстан тарткан сүрөттөрдөн көрүңүздөр.

Жаңылыктар түрмөгү
0