Ош шаарында заманбап спорт комплекси курулууда. Сүрөт

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшОш шаарынын Манас-Ата кичирайонуна заманбап спорт комплекси салынууда
Ош шаарынын Манас-Ата кичирайонуна заманбап спорт комплекси салынууда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спорт комплекси Иран Ислам Республикасынын каржылык колдоосу менен курулуп жатат. Ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берилет.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Ош шаарынын Манас-Ата кичирайонуна заманбап спорт комплекси салынууда. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшХод строительства нового спортивного комплекса в городе Ош
Ош шаарынын Манас-Ата кичирайонуна заманбап спорт комплекси салынууда - Sputnik Кыргызстан
1/4
Ош шаарынын Манас-Ата кичирайонуна заманбап спорт комплекси салынууда
© Фото / пресс-служба мэрии города ОшХод строительства нового спортивного комплекса в городе Ош
Курулуш иштерин 31-декабрга чейин толугу менен бүтүрүү пландалууда - Sputnik Кыргызстан
2/4
Курулуш иштерин 31-декабрга чейин толугу менен бүтүрүү пландалууда
© Фото / пресс-служба мэрии города ОшХод строительства нового спортивного комплекса в городе Ош
Азыркы тапта 50 пайызы курулуп бүтүп калды - Sputnik Кыргызстан
3/4
Азыркы тапта 50 пайызы курулуп бүтүп калды
© Фото / пресс-служба мэрии города ОшХод строительства нового спортивного комплекса в городе Ош
Эң чоң спорт комплексинин курулушун Иран Ислам Республикасы каржылап жатат. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Эң чоң спорт комплексинин курулушун Иран Ислам Республикасы каржылап жатат.
1/4
Ош шаарынын Манас-Ата кичирайонуна заманбап спорт комплекси салынууда
2/4
Курулуш иштерин 31-декабрга чейин толугу менен бүтүрүү пландалууда
3/4
Азыркы тапта 50 пайызы курулуп бүтүп калды
4/4
Эң чоң спорт комплексинин курулушун Иран Ислам Республикасы каржылап жатат.

Маалыматка караганда, курулуш иштерин 31-декабрга чейин толугу менен бүтүрүү пландалууда. Азыркы тапта 50 пайызы курулуп бүтүп калды.

"Спорт комплексинде волейбол, баскетбол, бокс, күрөш, теннис оюндары өтүүчү залдар болот. Көрүүчүлөр үчүн да 200дөй орундук коюлуп, спорттук мелдештердин өтүүсүнө шарт түзүлөт. Жанына кичи футбол аянтчасы да салынат. Залдардан тышкары жуунучу жайлар, фитнес, балдар ойноочу аянтча курулуп, айланасы жашылдандырылат", — деп билдиришти мэриядан.

Эң чоң спорт комплексинин курулушун Иран Ислам Республикасы каржылап жатат. Шаар бийлиги жарым гектар жер бөлүп берген.

Ушул жылдын 28-июнунда шаар мэри Таалайбек Сарыбашов комплекстин курулушуна капсула салган. Иштин сапаттуу жасалышын мэрия көзөмөл кылууда.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0