Валентина Шевченко UFC рейтингинде Дастин Порьени артта калтырды

© AP Photo / Nam Y. HuhБой Валентины Шевченко и Холли Холм на UFC on FOX 20 в Чикаго
Бой Валентины Шевченко и Холли Холм на UFC on FOX 20 в Чикаго - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Салмак категориясына карабай чыгарылган мыкты мушкерлердин рейтингинин сап башына АКШлык Жон Жонс чыкты.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Жакында Абу-Дабиде өткөн UFC 242 турниринен кийин UFC уюму мыкты мушкерлердин рейтингин жаңылады. Бул тизме уюмдун расмий сайтында жарыяланды.

Жеңил салмак боюнча UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нурмагомедов Instagram тармагында Бузованы басып өттү. Жаңы рейтинг
Россиялык Хабиб Нурмагомедов UFC уюмундагы чемпиондук наамын коргогондон кийин рейтингдин экинчи сабына чыкты. Ал эми анын атаандашы Дастин Порье беш тепкичке ылдыйлап (13-орун), Валентина Шевченкодон артта калды.

Кыргызстандык чемпион 12-орунда турат. Ал эми ирландиялык мушкер Конор Макгрегор эки тепкичке жогорулап 11-орунду ээледи.

Салмак категориясына карабай чыгарылган мыкты мушкерлердин рейтингинде АКШлык Жон Жонс сап башына чыкты. Ал эми үчүнчү орунда жеңил жана эң жеңил салмактагы америкалык мушкер Генри Сехудо турат.

Белгилей кетсек, 8-сентябрда Хабиб Нурмагомедов америкалык мушкер Дастин Порьени жеңип, чемпиондук титулун сактап калган. Эки мушкердин кармашы үч раундга созулуп, муунтуу ыкмасы менен багындырган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0