Олимпиадага жолдомо алуу үчүн Дүйнө чемпионатына катышчу балбандар. Тизме

© REUTERS / Issei KatoАзиатские игры 2018. Греок-римская борьба до 60 кг. Финал
Азиатские игры 2018. Греок-римская борьба до 60 кг. Финал - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чемпионатта 1-5-орунду ээлеген спортчулар 2020-жылкы Токио Олимпиадасына жолдомо алат.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Күрөш боюнча лицензиялык чемпионатка Кыргызстандан 22 балбан катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Аталган чемпионат 14-22-сентябрь күндөрү Нур-Султан шаарында өтөт. Андан 1-5-орунду ээлегендер 2020-жылкы Токио Олимпиадасына жолдомо алат.

Кыргызстандан грек-грим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы күрөш менен машыккандар катышат.

Грек-рим күрөшү боюнча күч сынаша турган балбандар:

  • Асан Сулайманов (30 жашта, 55 килограммга чейинки салмак категориясы);
  • Каныбек Жолчубеков (30 жашта, 60 килограммга чейин);
  • Тынар Шаршенбеков (22 жашта, 63 килограммга чейин);
  • Амантур Исмаилов (23 жашта, 67 килограммга чейин);
  • Руслан Царев (28 жашта, 72 килограммга чейин);
  • Кайрат Түгөлбаев (27 жашта, 77 килограммга чейин);
  • Калидин Асыкеев (22 жашта, 82 килограммга чейин);
  • Атабек Азисбеков (24 жашта, 87 килограммга чейин);
  • Үзүр Жусупбеков (23 жашта, 97 килограммга чейин);
  • Мурат Рамонов (29 жашта, 130 килограммга чейин);
  • Улукбек Карачолоков — улук машыктыруучу;
  • Азат Эркимбаев — башкы машыктыруучу.

Эркин күрөш боюнча күч сынаша турган балбандар:

  • Улукбек Жолдошбеков (23 жашта, 57 килограммга чейинки салмак категориясы боюнча);
  • Алмаз Сманбеков (21 жашта, 61 килограммга чейин);
  • Нургазы Абдуразаков (24 жашта, 65 килограммга чейин);
  • Эламан Догдурбек уулу (26 жашта, 70 килограммга чейин);
  • Илгиз Жакыпбеков (28 жашта, 74 килограммга чейин);
  • Ойбек Насиров (30 жашта, 79 килограммга чейин);
  • Алигаджи Гамидгаджиев (31 жашта, 86 килограммга чейин);
  • Магомед Мусаев (30 жашта, 86 килограммга чейин);
  • Сүймөнкул Таабалды уулу — улук машыктыруучу;
  • Ислам Тазабеков — улук машыктыруучу;
  • Русланбек Маджинов — башкы машыктыруучу.

Кыз-келиндер арасындагы күрөштө күч сынашчулар:

  • Айсулуу Тыныбекова (26 жашта, 62 килограммга чейинки салмак категориясы);
  • Айпери Медет кызы (20 жашта, 76 килограммга чейин);
  • Мадина Надирова (24 жашта, 55 килограммга чейин);
  • Нураида Анаркулова (19 жашта, 57 килограммга чейин);
  • Байгазы Кенжебаев — улук машыктыруучу;
  • Нурбек Изабеков — башкы машыктыруучу.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0