UFC башчысы: Хабиб менен Порьенин кимиси жеңсе Фергюсон менен беттешет

© AFP / Harry How / Getty ImagesUFC мушкери Тони Фергюсон. Архивдик сүрөт
UFC мушкери Тони Фергюсон. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакында эле Тони Фергюсонду UFC уюмунун өкүлдөрү UFC 242 турниринин башкы беттешинде запас спортчу болууну сунуштаганы, бирок ал мындан баш тартканы белгилүү болгон.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) президенти Дана Уайт Абу-Дабидеги турнирде Хабиб Нурмагомедов менен Дастин Порьенин кимиси утса, Тони Фергюсон менен беттешиши мүмкүн экендигин жар салганын Р-Спорт жазды. 

7-сентябрда Абу-Даби шаарында UFC 242 турнири өтөт. Кеченин башкы беттешинде россиялык Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Дастин Порье чемпиондук наам (70 кг) үчүн ат салышат.

UFC башчысы Дана Уайттан журналисттер "Тони Фергюсон Нурмагомедов же Порье менен кармашабы?" деп сурашкан.

"Эгер Тони Фергюсон даяр болсо, ага мындай мүмкүнчүлүк берилет", — деген Уайт.

Ошондой эле UFC президенти Нурмагомедов менен Порьенин кармашы боюнча оюн айткан.

"Хабиб атак-даңктуу мушкер. Бул анын дисквалификациядан кийинки алгачкы кармашы. Порье Макс Холлоуэй баштаган эң мыкты мушкерлерди уткан. Айтор, чоң беттеш болот", — деген Уайт.

Жакында эле Тони Фергюсонду UFC уюмунун өкүлдөрү UFC 242 турниринин башкы беттешинде запас спортчу болууну сунуштаганы, бирок ал мындан баш тартканы белгилүү болгон.

Ал арада кыргызстандык спорт серепчилери мушкерлердин беттеши кандай жыйынтыкталарын божомолдоп жиберишти.

Жаңылыктар түрмөгү
0