UFC чемпиону Вейли Жанг Шевченкого чакырык таштады. Мушкердин жообу

© AFP / STRЧемпионка UFC в наилегчайшем весе из Китая Вэйли Жанг
Чемпионка UFC в наилегчайшем весе из Китая Вэйли Жанг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакында эле Вейли Жанг UFC турниринде атаандашын жеңип, Кытайга биринчи жолу аталган уюмдун чемпиондук курун алып келген.

БИШКЕК, 6-cен. — Sputnik. Кыргызстандык UFC чемпиону Валентина Шевченко аны менен беттешкиси келген кытайлык Вэйли Жангга жооп кайтарды.

Валентина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шевченко ага чакырык таштаган эркек мушкер Сехудону "утуп алды". Видео
Узаган жумада Шэньчжэнь шаарында UFC Fight Night 157 турнири өткөн. Мелдештин башкы беттешинде уюмдун 52 килограмм салмактагы чемпиону Жессика Андраде кытайлык Вэйли Жанг менен кармашкан.

Натыйжада кытайлык спортчу атаандашын биринчи раундда эле тизеси менен тепкилеп, чыканагы жана колу менен ургулап бүк түшүргөн. Беттеш 42-секундада токтотулуп, Жанг уюмдун чемпиону аталган.

Ал жеңишинен кийин Валентина Шевченко менен беттешүү ниети бар экендигин билдирген. Өз кезегинде кыргызстандык мушкер ага жооп кайтарган.

"Ал жакшы мушкер. Бирок өзүнүн категориясындагы мыктылар менен мелдеше элек. Биринчиден, чемпион экендигин дагы тастыкташы керек. Вэйли жөн гана башка дивизионго секире албайт. Ал жакшы иш жасады, бирок өзүнүн чеберчилигин дагы көрсөтүшү керек", — деген Шевченко.

Белгилей кетсек, буга чейин Жессика Андраде Жангды уткандан кийин Шевченко менен беттешүү планы бар экендигин айткан болчу.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0