Кыргызстандын футбол командасы тажикстандыктарга жеңилип калды

© Sputnik / Табылды КадырбековТоварищеский матч между сборными Кыргызстана и Туркменистана по футболу
Товарищеский матч между сборными Кыргызстана и Туркменистана по футболу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бирок бул жеңилүү бардык мүмкүнчүлүктөн кол жууду дегендик эмес. Алдыда дагы жети оюн күтүп турат.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча командасы Тажикстандын оюнчуларына 0:1 эсебинде жеңилип калды.
Белгилей кетсек, бүгүн, 5-сентябрда, Тажикстандын Душанбе шаарында 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо турунун экинчи баскычынын алкагында беттеш болуп өттү.

Футбол. ЧМ-2018. Матч Бразилия - Коста-Рика - Sputnik Кыргызстан
Футбол күйөрманы трибунадан кулап, кыздын үстүнө түштү. Видео
Оюндун 42-мүнөтүндө тажикстандык команданын футболчусу Алишер Жалилов гол киргизди. Кыргызстандын курамасы канча аракет кылганы менен эсеп саны өзгөргөн жок.

Бирок бул жеңилүү бардык мүмкүнчүлүктөн кол жууду дегендик эмес. Алдыда дагы жети оюн күтүп турат.

Кыргызстандык команда F группасына кирген. Кийинки этапка өтүү үчүн алар Мьянма, Монголия, Япония жана Тажикстандын командалары менен беттешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0