Нурмагомедов Порье менен беттешип канча акча алары айтылды

© REUTERS / Christopher PikeЧемпион UFC Хабиб Нурмагомедов
Чемпион UFC Хабиб Нурмагомедов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мушкердин атасы жана машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов уулунун рейтинги, атак-даңкы ири суммадагы гонорарга татыктуу экендигин белгилеген.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Россиялык UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун атасы жана машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов уулу Абу-Даби шаарындагы беттештен ала турган сый акысы тууралуу айтып бергенин Р-Спорт жазды.

7-сентябрда Абу-Даби шаарында UFC 242 турнири өтөт. Анда россиялык Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Дастин Порье чемпиондук наам үчүн кармашат.

"Салыштырмалуу айтсак, анын гонорары Макгрегор менен беттешкенде алган гонорардан үч эсе көп болот. Конор менен мелдешкенде эки миллион алган. Бул биз үчүн аз. Себеби биз азыр мыктыбыз, атактуубуз. Майда-барат нерсеге чыкпайбыз. Өзүбүздүн баабызды билебиз. Менмендеген мушкерлерди уттук. Ушул жол менен кетишибиз керек", — деди Абдулманап Нурмагомедов.

UFC уюму буга чейин Хабиб кийинки беттешинде 50 миллион доллар табышы мүмкүн экендигин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0