Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Бишкекте марафонго карата көчөлөр жабылат. Карта

© Sputnik / Табылды КадырбековПолумарафон "Мол булак куз деми — 2017" в Бишкеке
Полумарафон Мол булак куз деми — 2017 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарыш 15-сентябрь күнү эртең менен башталат, бирок айрым көчөлөрдө кыймыл 14үнөн тарта эле чектелет.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. "Ак илбирсти сактайбыз" эл аралык кайрымдуулук марафонуна карата Бишкектин борбордук көчөлөрү автоунаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу "Номад Спорт" коомдук фондусунун башкы директору Канат Келсинбеков билдирди.

Жарыш 15-сентябрь күнү эртең менен башталганы менен айрым көчөлөрдө кыймыл 14үнөн тарта эле чектеле баштайт. Мисалы, Чүй проспектисинин  Эркиндиктен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылышы күтүлүүдө.

"Жабыла турган негизги көчөлөр — Абдрахманов/Байтик баатыр, Масалиев, Манас/Айтматов. Болжол менен ШКУ саммити учурундагыдай болот. Балким шаардыктар бизге жинденээр, бирок мыкты иш-чара болот деп пландап жатабыз. Анүстүнө бул көчөлөрдү кесип өтчү жолдор ачык болот. Саат 11де бардык көчөлөр кадимкидей эле иштейт", — деди уюштуруучу.

Баса, марафондун байге фондусу 4,5 миллион сомду түздү.

Жаңылыктар түрмөгү
0