08:41 24 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8230
  • EUR77.6292
  • RUB1.0944
Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова Белоруссияда өткөн жеңил атлетика боюнча чемпионатта жеңүүчү болду

Дарья Маслова Белоруссиядагы ачык чемпионатта жеңүүчү болду

© Фото / Белорусская Федерация Легкой Атлетики
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
97 0 0

Мелдештин алкагында медалдардан тышкары Катарда өтчү дүйнө чемпионатына жолдомо ойнотулган.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова Белоруссияда өткөн жеңил атлетика боюнча чемпионатта жеңүүчү болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Жеңил атлетика федерациясынын расмий сайтында айтылат.

Турнир 29-август күнү Минскиде башталган. Мелдештин алкагында медалдардан тышкары күз айларында Катарда өтчү дүйнө чемпионатына жолдомо ойнотулду.

Маслова сегиз киши менен 10 чакырымга чуркады. Жөө күлүк аралыкты 32 мүнөт 21 секундада чуркап өткөн. Экинчи орунду жергиликтүү спортчу Нина Савина (33 мүнөт 23 секунд) алса, үчүнчү болуп Ирина Сомова (33 мүнөт 44 секунд) келди.

Белгилей кетсек, Маслова Белоруссиянын жеңил атлетика боюнча кубогунда да алтын медаль тагынган.

Тема боюнча

4 миң доллар алды! Дарья Маслова Көлдөгү турнирде биринчи келди
Дарья Маслова Казакстандагы жарым марафондо биринчи болду
Белгилер:
жеңүүчү, жеңилүү, жөө күлүк, Дарья Маслова

ЭҢ МААНИЛҮҮ