Айылда эле машыгып дүйнөнү багынткан Калмира: Нарында балдар менен гана күрөшөм

© Sputnik / Эркин СадыковӨспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш медаль алган Калмира Билимбек кызы. Архив
Өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш медаль алган Калмира Билимбек кызы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы өспүрүм балбан кыздардын эң эле ийгиликтүүсү жана таанымалы деп Калмира Билимбек кызын тартынбай айтууга болот. Спортчу Нарындын алыскы айылында машыгып эле дүйнө чемпионатынан күмүш байге алды.

Дүйнө чемпионаты үстүбүздөгү жылдын 3-августунда Болгарияда өткөн. КРдин Күрөш федерациясынын маалыматы боюнча, Калмира Билимбек кызы өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатынын финалында күрөшүп, күмүш медаль алган экинчи кыргызстандык кыз. Буга чейин Айпери Медет кызы ушундай жыйынтык көрсөткөнү маалым.

Балбан кыз 16 жашта. Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылында жашайт, Тайлак баатыр атындагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде машыгат. Ал эркин күрөш боюнча облустук чемпионатты беш жолу, республикалык чемпионатты үч ирет уткан. Ошондой эле Украина, Түркия, Казакстанда өткөн эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Азия жана дүйнө чемпионаттарында бешинчи орунга татыган.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги балбан кыз менен маек курду. Калмира студияга атасы Билимбек менен келди.

© Фото / из личного архива Калмиры Билимбек кызыКалмира Билимбекова 16 жашта, Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылында жашайт, Тайлак баатыр атындагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде машыгат.
Айылда эле машыгып дүйнөнү багынткан Калмира: Нарында балдар менен гана күрөшөм - Sputnik Кыргызстан
Калмира Билимбекова 16 жашта, Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылында жашайт, Тайлак баатыр атындагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде машыгат.

— Карьераңызда маанилүү делген дүйнө чемпионатына канча убакыт даярдангансыз?

Калмира Билимбекова: — Өзүмдүн туулуп-өскөн Ак-Талаа районунда, атамдын кол алдында машыктым. Залда эле даярданбастан үйдөгү кара жумуштарды жасап, чөп ташып, күч топтодум.

Кыргызстандык балбан Үзүр Жусупбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Деги качан алтын утам деп кейичүмүн... Азия чемпиону Үзүр Жүзүпбековдун маеги
Билимбек Капарбек уулу: — Биз дүйнө чемпионатына чейин Казакстанда машыгуу өткөрдүк. Ал жактан турнирге катышып, утулуп калган элек. Демейде куттук айткандар анда унчукпай калат экен. Мындай нерселер бизди чыйралтат. Келип эле Ак-Талаадан машыгууну уланттык. Эсептесек, дүйнө биринчилигине үч жума гана убактыбыз бар экен. Көлгө же башка мамлекетке барып даярданууга жетишпей калмакпыз.

Өзүм Баетов айылындагы Тайлак баатыр атындагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде машыктыруучумун. Калмиранын атасы гана эмес, саяпкери болуп да эсептелем. Айылда Калмира эркек балдар менен машыгат. Алар килем үстүндө жакшы атаандаш болуп беришет. Айыл жеринде машыкканга эмне жетсин. Таза аба жутуп, тоо-ташты ашып чуркайбыз. Тамагыбыз таза, кайнатылган эт жеп, кымыз ичебиз. Кола, чипсы, гамбургер дегенди билбейбиз. Ошентип айылдан эле даярданып дүйнө чемпионатына жөнөп кетти. Мен бара алган жокмун. Телефон аркылуу кеп-кеңишимди берип, байланышта болуп турдум. Намазымы окуп, дуба кылып, Кудайдан тилеп жүрдүм. Ушул жерден бир нерсени белгилеп кетейин. Бизде көп учурда чет мамлекеттеги мелдештерге каржы себептери менен спортчулардын жеке машыктыруучулары бара албай калат. Бул канчалык бир деңгээлде балбандын жетишкендигине таасир берет.

© Sputnik / Эркин СадыковБилимбек Капарбек уулу: биз эң негизгиси айылда машыгып эле спортто бийиктиктерди багынтуу мүмкүн экендигин көрсөтө алдык деп ойлойм.
Айылда эле машыгып дүйнөнү багынткан Калмира: Нарында балдар менен гана күрөшөм - Sputnik Кыргызстан
Билимбек Капарбек уулу: биз эң негизгиси айылда машыгып эле спортто бийиктиктерди багынтуу мүмкүн экендигин көрсөтө алдык деп ойлойм.

— Калмира мелдеште эки атаандашын мөөнөтүнөн мурда далысын жерге тийгизип утуп алды. Бул анын дайымкы ыкмасыбы же мүмкүнчүлүк болгондо колдонобу?

Б.К. уулу: — Олимпиада чемпиону Али Алиев "чемпион болуу үчүн бир ыкманы миллион жолу жасоо керек" деп айтат. Далысын жерге тийгизген ыкманы ар бир машыгууда эки мүнөттөн тынбай жасап турабыз. Адам ойлонгондо денеси автоматтык түрдө бул нерсени аткарып калат. Бул Калмиранын жакшы көргөн ыкмасы.

— Кармаштар абдан эмоционалдуу өтүп жатты. Финалга чейинки беттештердин жүрүшүнө токтолуп өтсөңүздөр?

Б.К. уулу: — Биз беттештердин бардыгын түз эфирден көрүп турдук. Биринчи айлампада Европа оюндарынын чемпиону болгон азербайжандык кыз менен беттешти. Аны утуп алганда "өх" деп жеңилдей түштүк. Себеби алгачкы беттеш ийгиликүү өтсө, спортчу ачылып, ишеним пайда болот.

Андан кийинки атаандашы даниялык кыз болду. Дания менен Болгария жакын мамлекет болгондуктанбы, калыстар каршылашка тартып жаткандай туюлду. Бир убакта Калмира анын бутуна кирип, жамбаш жагынан көтөргөндө, тиги кыз чабалактап, өзүн жоготуп койгондой сезилди. Анан далысын жерге тийгизип таза жеңишке ээ болду. Кээде чет жерде атаандашты мөөнөтүнөн мурда утпасаң, түшүнбөстүктөр болушу мүмкүн.

Үчүнчү айлампада белоруссиялык балбан менен чыкты. Ага 2016-жылдагы "Медвежонок" аталышындагы эл аралык турнирде утулуп калган. Реванш кармашта аны 9:1 упайы менен жеңди.

Аз убакыттан кийин кайра эле казак кызы менен кармашты. Анын командасы өзүнө абдан ишенип чыкты. Себеби Азия чемпионатында Калмиранын утулуп калганын көрүшкөн болчу. Бирок беттеште эмоцияга алдырганы байкалып турду. Тыныгуу учурунда машыктыруучулары урушуп да койду. Калмира бир темп менен күрөшүп, таза жеңиш менен жер каратты. Мындагы сезим өзгөчө болду. Калмира сүйүнүчтөн ыйлады. Аны көрүп биз да жашыдык. Себеби алдыда финал күтүп турган эле.

— Кыргызстандын Күрөш федерациясынан Калмира жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын финалында күрөшкөн экинчи кыргызстандык дешти. Бул абдан сыймык болсо керек, сиздерге сезилдиби?

К.Б.: — Мага көп билинген жок. Машыктыруучулар "Калмира, сен кичинекей болуп сезбей жатат окшойсуң, тарыхты жаңыладың" деп жылуу сөздөрүн айтышты. Бирок атам мага "алтын деген алтын, күмүш деген күмүш, сен биринчи орунду алышың керек" деп талап койгон. Мен аны аткара алган жокмун...

Б.К. уулу: — Кызыма тарыхка кирүү үчүн бир кадам калганын белгилеп, алтын алса дегем. Тааныштардын арасында "финалга чыкканы эле чоң жеңиш, ушуга эле шүгүр" деп эрте сүйүнткөндөр да болуп калды. Негизи спортчулардын денесин эрте "суутпаш" керек. Бирок күмүш медалга дагы ыраазыбыз. Келечек алдыда, көп мелдеште алтын аларыбызга ишенебиз.

© Фото / из личного архива Калмиры Билимбек кызыКапарбек уулу: кичинекей кезинде абдан тентек болчу. Кечинде туугандар менен тамакка чогулганда балдарды күрөштүрө берчүбүз. Ошондо эле мүнөзүн байкагам.
Айылда эле машыгып дүйнөнү багынткан Калмира: Нарында балдар менен гана күрөшөм - Sputnik Кыргызстан
Капарбек уулу: кичинекей кезинде абдан тентек болчу. Кечинде туугандар менен тамакка чогулганда балдарды күрөштүрө берчүбүз. Ошондо эле мүнөзүн байкагам.

— Финалда утулуп калууга эмне себеп деп ойлойсуздар?

Б.К. уулу: — Кызым кичирээктик кылды окшойт. Кармашта бир секунд дагы бошобош керек болчу. Мен ушуну WhatsApp аркылуу жазып жиберсем, окуган эмес болчу, көрсө мейманканадан чыгып кетиптир.

— Интернеттен Нарын эли чоң салтанат менен тосуп алганын көрдүк.

Б.К.: — Кочкор, Ак-Талаа райондорунан жана Нарындын өзүнөн шаан-шөкөт менен тосуп алышты. Жылуу сөзүн сүйлөп, батасын берип, ыраазычылык айткандар көп болду. Чоң белектерди дагы ыйгарышты. Жалпысынан 130 миң сом, беш кыл куйрук жана бир жеңил унаа алдык.

— Мамлекеттен канча стипендия аласыз?

К.Б.: — Мурда беш миң эле, азыр 10 миң сомго чейин көтөрүлдү.

Б.К. уулу: — Быйыл абдан жемиштүү жылдардан болду. Спортчулардын гана стипендиясы эмес, машыктыруучулардын дагы айлыгы көтөрүлдү. Мындайда иштеш гана керек.

© Фото / из личного архива Калмиры Билимбек кызыКалмира Билимбек кызы өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатынын финалында күрөшүп, күмүш медаль алган экинчи кыргызстандык кыз
Айылда эле машыгып дүйнөнү багынткан Калмира: Нарында балдар менен гана күрөшөм - Sputnik Кыргызстан
Калмира Билимбек кызы өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатынын финалында күрөшүп, күмүш медаль алган экинчи кыргызстандык кыз

— Билимбек мырза, Калмира спортко кантип аралашып калганын айтып бересизби?

Б.К. уулу: — Кичинекей кезинде абдан тентек болчу. Кечинде туугандар менен тамакка чогулганда балдарды күрөштүрө берчүбүз. Ошондо эле мүнөзүн байкагам. Беш жашынан тарта ийилип, чоюлуп, гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасап баштады. Бир аздан күрөштүрүп койчумун. Жети жашынан тарта райондук турнирлерге катышып баштады. Кыздар аз болгондуктан балдар менен күрөшүп финалга чыкчу. Мелдештерде кошуна Терек айылынан келген бир баладан дайыма утулуп калчу. Баары бир балдар табиятынан күчтүү келет эмеспи. Ага эки жыл катары менен утулуп жүрүп, үчүнчү жылы көгөрүп атып жеңди. Андан соң Нарын облустук турнирлеринде күчүн сынады.

Бир ирет мелдештин финалына жетип калганда "кыз киши эркек бала менен күрөшпөйт, динде уруксат берилбейт" деп чырдап жиберишти. Мен анда башынан баштап килемге чыгарбай койсоңор болмок дедим. Анан тартышып отуруп илимдүү, билимдүү кишини чакырттык. Ал мусулманчылыкта сууга сүзгөн, кылыч чапкан, атка минген, жаа тарткан жана күрөшкөн болот деп дубасын берди. Анан ошондо атаандаш баласын утуп чемпион болду. Биз көп учурда Нарындын районундагы машыктыруучулар менен кеңешип, кыздарды балдар менен күрөштүрөбүз. Биринчиден, кыздар аз, экинчиден, балдар менен күрөшүп тажрыйба топтогон жакшы.

© Фото / из личного архива Калмиры Билимбек кызыКалмира Билимбекова төрт бир туугандын улуусу. Хоббиси — ат минүү.
Айылда эле машыгып дүйнөнү багынткан Калмира: Нарында балдар менен гана күрөшөм - Sputnik Кыргызстан
Калмира Билимбекова төрт бир туугандын улуусу. Хоббиси — ат минүү.

— Эркек балдар кыздар менен чындап күрөшөбү же аео сезими болобу?

Б.К. уулу: — Эч кандай аео болбойт. Бир ирет Кеминде эл аралык турнир өтүп, Калмираны машыктыруучуга кошуп жибергем. Ал жактан кыз кишини эркек бала менен чыгарбай эле койгула, сынып калат дешиптир. Биздин команда адатынча жоопкерчиликти өзүнө алып беттештирет. Анда Калмира жарым финалда утулуп калып, коло байге үчүн күрөшмөй болот. Үчүнчү орунга чыга турчу атаандаш баланын атасы уулуна "күрөшпөй эле кой, кыздын колун көтөрүп чыгып кетсең, зоболоң бийиктейт" деген экен. Антсе баласы күрөшөм деп көгөрүп туруп алыптыр. Макул болуп күрөштүрсө, Калмира утуп алыптыр. Анан тиги бала жер чапкылап ыйлаган экен. Мындай учурлар көп.

Калмира кармашып жатканда Кудайдан тиленип, санаа тартам. Бирок машыгууларда аябайм. Антип отурсак медалга жетпейбиз. Залга кечигип келсе, көнүгүүлөрдү ашыкча жасатып кыйнайм. Башка машыккан балдардан артык көрбөйм. Үйдө кызымдай эле.

— Спортто ийгилик жаратуу үчүн убакыт керек эмеспи. Калмира окуганга жетишип жатабы?

Б.К. уулу: — Үзгүлтүккө учуратпаганга аракет кылабыз. Мектепте «бешке» эки-үч сабагынан эле жетпей калган. Быйыл тогузду бүттү. Машыктыруучулук боюнча окуу жайга тапшыртууну ойлоп жатабыз. Ошондо машыгуубузду шаардан улантабыз. Бир жылы Калмирага карап бул жакка көчүп келип, бирок шартыбызга байланыштуу кайра айылга кеткенбиз.

© Фото / из личного архива Калмиры Билимбек кызыБилимбек Капарбек уулу: Калмира кармашып жатканда Кудайдан тиленип, санаа тартам. Бирок машыгууларда аябайм. Антип отурсак медалга жетпейбиз.
Айылда эле машыгып дүйнөнү багынткан Калмира: Нарында балдар менен гана күрөшөм - Sputnik Кыргызстан
Билимбек Капарбек уулу: Калмира кармашып жатканда Кудайдан тиленип, санаа тартам. Бирок машыгууларда аябайм. Антип отурсак медалга жетпейбиз.

— Үй жумуштарын жасаганга убактысы болобу?

Б.К. уулу: — Калмира сырттын жумушун көп жасайт. Кышкысын кар күрөтөм, күзүндө чөп ташытып, мал бактырам. Бөтөнчө жылкыларга кам көргөндү жакшы көрөт. Үйдүн улуусу болгондуктан апасына да каралашат.

— Калмираны күрөштөн канча жашка чейин көрөсүз?

Б.К. уулу: — Отуз жашка чейин. Ага чейин олимпиада чемпиону болот деген ишеничим чоң.

— Кийинки мелдештери качан болот?

Б.К. уулу: — Азыр эс алышыбыз керек. Кайрадан эле Азия жана дүйнө чемпионатына даярдык баштайбыз. Ортодо эл аралык турнирлерге катышабыз.

© Фото / из личного архива Калмиры Билимбек кызыБалбан кыздын келечектеги максаты — Олимпиада чемпиону болуу
Айылда эле машыгып дүйнөнү багынткан Калмира: Нарында балдар менен гана күрөшөм - Sputnik Кыргызстан
Балбан кыздын келечектеги максаты — Олимпиада чемпиону болуу

— Айылда Калмира сыяктуу өсүп келе жаткан балбандар барбы?

Б.К. уулу: — Учурда Тайлак баатыр атындагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде 420 бала машыгат. Анда тогуз коргоол, волейбол, футбол, эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыргыз күрөшү боюнча тарбияланышат. Көбү эркин күрөшкө келет. Калмирага чейин Кыргызстандын чемпионатын утуп, Азия чемпионаттарына катышып келген балбандар бар. Бирок дүйнө чемпионатынан байге алышы керек болчу. Биз эң негизгиси айылда машыгып эле спортто бийиктиктерди багынтуу мүмкүн экендигин көрсөтө алдык деп ойлойм.

Жаңылыктар түрмөгү
0