Тайып барып бутун кайрыды! 11 секундада жеңишке жеткен мушкер рекорд койду

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүМушкерлер. Архивдик сүрөт
Мушкерлер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Израилдик мушкер ушуну менен карьерасында үчүнчү жеңишин камсыздады. Ал атаандаштарын мөөнөтүнөн мурда утары белгиленет.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. АКШда өткөн Bellator 225 турниринде израилдик мушкер Авив Гозали белоруссиялык Эдуард Муравицкийдин бутун 11 секунданын ичинде кайрып жеңип, аталган уюмда рекорд койду. Мелдештин видеосун жана рекорд тууралуу маалыматты уюм өзүнүн Instagram баракчасына жарыялаган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Bellator MMA (@bellatormma)

Гозали кармаш башталары менен октагондун полунан тайгаланып барып, атаандашынын бутун кармап, аны кайруу ыкмасына салган. Мындан улам атаандашы багынып берген.

Израилдик мушкер ушуну менен карьерасында үчүнчү жеңишин камсыздады. Ал атаандаштарын мөөнөтүнөн мурда утары белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0