Бир колдуу мушкер атаандашын үч мүнөттө утуп алды. АКШда тартылган видео

© Sputnik / Владимир АстапковичСмешанные единоборства. Бой между А. Емельяненко и Т. Джонсоном
Смешанные единоборства. Бой между А. Емельяненко и Т. Джонсоном - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ник Ньюэлл бир колу жок туулган спортчу. Азыр анын спорттук куржунунда 16 жеңиш, эки жеңилүү бар.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Америкалык бир колдуу Ник Ньюэлл аттуу мушкер Bellator спорт уюмунун мелдешине алгачкы жолу катышуусунда эле жеңишке жетти. Бул тууралуу MMA Fighting спорттук жаңылыктар сайтына жарыяланды. 

Бриджпорт шаарында өткөн мелдеште Ньюэлл өзүнүн жердеши Кори Браунингди биринчи раундда жеңип чыкты. 33 жаштагы спортчу атаандашына карата муунтуу ыкмасын пайдаланды.

​Ник Ньюэлл бир колу жок туулган спортчу. Азыр анын спорттук куржунунда 16 жеңиш, эки жеңилүү бар.

Мушкер Bellator уюму менен ушул жылдын июль айында келишим түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0