Эгемендүүлүк күнүнө карата Россиядагы кыргыздар аламан улак, көк бөрү өткөрөт

Жазылуу
Улакчылар 30-август күнү аламан улакта күчүн сынап, эртеси командага бөлүнүп көк бөрү тартышат.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Новосибирск облусунда аламан улак жана көк бөрү оюну өтөт. Бул тууралуу аталган аймактагы Көк бөрү федерациясынын түптөөчүсү жана көк бөрү командасынын жетекчиси Каныбек Акаев билдирди.

Анын айтымында, 30-август күнү аламан улак өтүп, эртеси, 31-августта, оюнчулар командага бөлүнүп көк бөрү тартышат.

Чемпионат Республики Алтай по национальной игре кок-бору - Sputnik Кыргызстан
Тоолуу Алтайда кыргыздар катышкан көк бөрү болду. Тарыхый мекенден тартылган сүрөттөр
Иш-чара шаардан 10 чакырым алыстыктагы жайыкта өтөт. Ага Красноярск, Кемерево, Абакан шаарлары менен Алтай Республикасындагы кыргыздар жана жергиликтүүлөр катышат.

Аламан улакка эки автоунаа, беш тай, 10 кой жана акчалай сыйлыктар коюлат. Ал эми көк бөрүдөн жеңген командага токулган ат берилет.

Аталган мелдештерди Кыргызстандан Россияга товар ташып иштеген компаниялардын бири уюштурууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0