Америкалык мушкер Нейт Диаз каршылашы Энтони Петтисти жеңди. Видео

© AFP / Joe Scarnici / Getty ImagesUFC 241 в Анахайме. Энтони Петтис и Нейт Диас
UFC 241 в Анахайме. Энтони Петтис и Нейт Диас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Диаз октагонго үч жылдан бери чыга элек болчу. Соңку беттештеринде ирландиялык Конор Макгрегорду жеңип, реванш кармашта кайра ага утулуп калган.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Америкалык мушкер Нейт Диаз Калифорнияда өткөн UFC 241 турниринин алкагында атаандашы Энтони Петтисти утуп алды.

Мушкерлердин беттешинин видеолору интернетке тарады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от _95_Ahmed_95_95 (@_95_ahmed)

Спортчулар сегиз бурчтукта 70 килограмм салмакта күч сынашты. Натыйжада Диаз калыстардын чечими менен ишенимдүү түрдө жеңишке ээ болду. Ал үч раундда тең активдүүлүгүн көрсөтө алды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Gucci huycci (@close_to_you_0)

Белгилей кетсек, Диаз октагонго үч жылдан бери чыга элек болчу. Соңку беттештеринде ирландиялык Конор Макгрегорду муунтуу ыкмасы менен жеңип, реванш кармашта кайра ага калыстардын чечими менен утулуп калган. Жалпысынан аралаш мушташта 20 беттеште жеңишке жетип, 11 ирет утулган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Jay Manzo (SCWEEZ) (@scweez)

Ал эми Энтони Петтис ММА боюнча 22 беттешти утуп, 9 ирет жеңилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0