Укмуш! Шевченко комуздун коштоосунда "Супермендин соккусун" жасады. Видео

© Фото / предоставлено Валентиной ШевченкоКыргызстандык UFC чемпиону Валентина Шевченко. Архив
Кыргызстандык UFC чемпиону Валентина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мушкердин видеосу аз убакыт ичинде 120 миңден ашык көрүүчүнү топтогон.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Кыргызстандык UFC чемпиону Валентина Шевченко комуздун коштоосунда кайыктан сууга секирип бара жатып "Супермендин соккусун" жасады. Видеону спортчу Instagram баракчасына жүктөгөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Valentina Shevchenko (@bulletvalentina)

Мушкердин видеосу аз убакыт ичинде 100 миңден ашык көрүүчүнү топтоду. Айрымдар спортчунун өзгөчө сокку узатканына таң калса, кээ бирлери комуздун үнү боюнча жагымдуу пикирлерди калтырышкан.

Кыргызстандык UFC чемпиону Валентина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Валентина Шевченко UFC рейтингинде Конор Макгрегорду артта калтырды
Шевченко жасаган "Супермендин соккусу" саньшоу, летвей, муай тай, таэквондо, кикбокс жана башка спорттордо кеңири колдонулат. Мында секиргенге ыңгайлуу болуш үчүн бир бут алдыга, экинчиси артка жылат дагы оң кол менен күчтүү сокку узатылат. Мушкер дал ушул ыкманы беттештеринде колдонуп келет.

Кыргызстандык мушкер Америкадагы беделдүү делген UFC мушкерлер уюмунун 57 килограмм салмактагы чемпиону болуп саналат. Наамын былтыртан бери эки ирет коргоду. Ошондой эле муай-тай боюнча дүйнөнүн 17 жолку чемпиону. Бир топ жылдан бери чет мамлекетте жашап, беттештерде Кыргызстандын желегин желбиретип келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0