Алтынга аз калганда... Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпионатында күмүш алды

© Фото / Facebook / United World Wrestling / Sachiko HOTAKAЧемпионат Азии по женской борьбе в Синае
Чемпионат Азии по женской борьбе в Синае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчу килемде 68 килограмм салмакта күч сынашты.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова Эстонияда өтүп жаткан жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында экинчи орунду алды. Бул туурасында Бириккен күрөш федерациясынын расмий сайтында айтылат.

Турнир 12-августта Эстониянын Таллин шаарында башталган, 20-августта жыйынтыкталат. Мээрим Жуманазарова килем үстүндө 68 килограмм салмакта беттешип, жалпысынан төрт кармаш өткөрдү.

Финалга чыккан Шаршенбеков менен Жолчубеков күрөшпөй койду. Тбилисидеги видео - Sputnik Кыргызстан
Финалга чыккан Шаршенбеков менен Жолчубеков күрөшпөй койду. Тбилисидеги видео
Алгач 1/16 финалда украиналык Кристина Малявканы 11:0 эсебинде, 1/8 финалда россиялык Ханум Велиеваны 1:1 эсебинде жеңген, ал эми чейрек финалда канадалык Берит Жонсонду 10:0 упай менен жер караткан. Жарым финалда АКШлык Жейден Лэйт Лаурентти 11:1 эсебинде ута алган.

Финалда япониялык Наруха Мацуюкиге 2:4 эсеби менен жеңилип, экинчи орунду камсыздады.

Мээрим Жуманазарова 20 жашта. Жаштар арасында Азиянын үч жолку чемпиону жана чоңдор арасындагы Азия чемпионатынын күмүш, коло байге ээси. Белгилей кетсек, Жумазанарова жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын финалына чыккан экинчи кыргызстандык балбан кыз. Буга чейин Айпери Медет кызы финалда күрөшүп, чемпион болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0