Чолпон-Атада бильярд боюнча дүйнө чемпиону аныкталды

© Фото / пресс-служба ЕЭКЧемпионат мира по бильярдному спорту среди женщин "Свободная пирамида" в Чолпон-Ате
Чемпионат мира по бильярдному спорту среди женщин Свободная пирамида в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдешке 25 өлкөдөн келген 80ден ашуун спортчу катышты.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн аялдар арасындагы бильярд боюнча дүйнө чемпионатында россиялык Элина Нагула жеңүүчү аталды.

Чечүүчү оюнда ал мекендеши, планетанын көп жолку чемпиону жана эл аралык "Пирамида" конфедерациясы аттуу дүйнөлүк рейтингдин биринчи сабында турган Диана Миронованы 5:0 эсебинде жеңип алды.

© Фото / пресс-служба ЕЭКЫсык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн аялдар арасындагы бильярд боюнча дүйнө чемпионатында россиялык Элина Нагула жеңүүчү аталды.
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн аялдар арасындагы бильярд боюнча дүйнө чемпионатында россиялык Элина Нагула жеңүүчү аталды. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн аялдар арасындагы бильярд боюнча дүйнө чемпионатында россиялык Элина Нагула жеңүүчү аталды.
© Фото / пресс-служба ЕЭКЧечүүчү оюнда ал мекендеши, планетанын көп жолку чемпиону жана эл аралык "Пирамида" конфедерациясы аттуу дүйнөлүк рейтингдин биринчи сабында турган Диана Миронованы 5:0 эсебинде жеңип алды.
Чечүүчү оюнда ал мекендеши, планетанын көп жолку чемпиону жана эл аралык Пирамида конфедерациясы аттуу дүйнөлүк рейтингдин биринчи сабында турган Диана Миронованы 5:0 эсебинде жеңип алды. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Чечүүчү оюнда ал мекендеши, планетанын көп жолку чемпиону жана эл аралык "Пирамида" конфедерациясы аттуу дүйнөлүк рейтингдин биринчи сабында турган Диана Миронованы 5:0 эсебинде жеңип алды.
1/2
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн аялдар арасындагы бильярд боюнча дүйнө чемпионатында россиялык Элина Нагула жеңүүчү аталды.
2/2
Чечүүчү оюнда ал мекендеши, планетанын көп жолку чемпиону жана эл аралык "Пирамида" конфедерациясы аттуу дүйнөлүк рейтингдин биринчи сабында турган Диана Миронованы 5:0 эсебинде жеңип алды.

"Бул оюнга катуу даярдык көргөм. Дүйнө чемпионатынын финалына күнүгө эле чыга бербейсиң да. Жакшы оюн көрсөткүм келди. Жеңип алганыма абдан кубанып турам", — деди Нагула.

UFC уюмунун эң жеңил салмак категориясы боюнча чемпиону Валентина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Алтыныңдан кол жууйсуң". Шевченко беттешке чакырган Сехудого катуу жооп берди
2019-жылдын 9-августунда Элина Нагула 17 жашка толгон.

Ал эми турнир 8-август күнү Чолпон-Ата шаарында башталган. Иш-чараны эл аралык "Пирамида" конфедерациясы менен Евразия экономикалык биримдиги Кыргызстандын өкмөтүнүн колдоосу менен уюштурду.

Мелдешке 25 өлкөдөн келген 80ден ашуун спортчу катышты. Кыргызстандын намысын дүйнөнүн үч жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев менен 2015-жылы 18 жашында дүйнө биринчилигин жеңип алган Дастан Лепшаков коргоду.

Эң мыкты көрсөткүчтү коло медаль тагынган Азиз Мадаминов көрсөттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0