Картинг боюнча Россиянын чемпионатында 16 жаштагы Улукбек алдыңкы ондукка кирди

© Sputnik / Табылды КадырбековВосьмикратный чемпион Кыргызстана по картингу Улукбек Байзаков
Восьмикратный чемпион Кыргызстана по картингу Улукбек Байзаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарышка Россиянын, Кыргызстандын жана Казакстандын 120дай спортчусу катышкан.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Кыргызстандык 16 жаштагы Улукбек Байзаков картинг боюнча Россиянын ачык чемпионатында жетинчи орунду ээледи. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине спортчунун атасы Бакыт Байзаков билдирди.

Анын айтымында, жарышка Россия, Кыргызстан жана Казакстандан 120дай спортчу катышкан.

"Улукбектин мындай ийгилиги Кыргызстан эгемендүүлүктү алган жылдан берки тарыхында биринчи жолу болуп жатат. Үч жыл мурун да ушул эле чемпионатка катышып, 19-орунду алган. Бул жолкусунда ал Европа жана Дүйнө чемпионатынын алдыңкылары менен ат салышып, ондукка кирди", — деди спортчунун атасы.

Марафончулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Байге фонду 4,5 миллион сом! Бишкекте кайрымдуулук жарышы өтөт
Аталган жарыш 12-14-июль күндөрү Россиянын Рязань шаарында өткөн.

Картинг — жарышка ылайыкталган атайын автоунаалар менен саатына 260 чакырымга чейинки ылдамдык менен жарышуучу спорттун түрү.

Улукбек Байзаков өлкөдөгү автоспортчулардын сап башында турат. Ал картинг боюнча Кыргызстандын 8 жолку чемпиону болуп жана Казакстандагы эл аралык мелдештерде бир нече кубокторду уткан. Анын Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегин бул жактан окуй аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0