Валентина Шевченко кызыксыз мушташ көрсөттү деген кепке жооп берди

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүUFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко. Архив
UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шевченко атаандашы Кармушту жеңгенден кийин айрым эксперттер менен көрүүчүлөр беттешке нааразы болушкан.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко каршылашы Лиз Кармуш менен болгон беттеш кызыксыз болду деп айыптагандарга жооп берди.

11-августта Уругвайда кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко менен америкалык Лиз Кармуш беттешип, Шевченко жеңишке жеткен.

MMA Fighting порталы Шевченко жеңишине канааттанганын айтканын жазды. Кыргызстандык мушкер Кармуштун ою менен болбой, өзүнүн ыкмаларын жана оюнун "көрсөткөнүн" айтты. Ал күйөрмандардын көбү Жессика Ай менен болгон беттештегидей нокаутту күткөн болушу ыктымалдыгын белгиледи.

"Балким көбү нокаутту күткөндүр. Бирок бул сегиз бурчтук. Кээде нокаутка кетирсең, кээде андай болбойт. Бирок күйөрмандар кунт коюп караса, мыкты техниканы жана шамдагайлыкты көрө алышат. Чыныгы өнөр деген ушу. Лиз сыяктуу каршылаш менен эмоцияга алдырбай, ойлонуп, акылдуулук менен мушташуу керек", — деп Шевченко маалымат жыйында айткан.

Кыргызстандык мушкер атаандашы Кармуштун "ал анчейин агрессивдүү болгон жок" деген айыптоосуна "танго үчүн эки киши керек" деп жооп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0