Айсулуу Тыныбекова кайсы мамлекетте машыга турганы белгилүү болду

© Фото / Facebook / United World WrestlingКыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова. Архив
Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык спортчу жакында эле алган жаракатына байланыштуу эл аралык турнирдин финалына катыша албай калган.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Айсулуу Тыныбекова баштаган кыргызстандык балбан кыздар Сочиде (Россия) машыгат. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.

Ага ылайык, беш спортчу кыз 12-25-август күндөрү аталган калаада болушат.

"Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы машыктыруучу Нурбек Изабеков менен Сочиге 12-августта барат. Ал эми 17-августта аларга балбандар Мээрим Жуманазарова, Нураида Анаркулова жана Назира Марсбек кызы кошулат", — деп айтылат маалыматта.

Спортчулардын машыгуусу үчүн Спорт агенттиги 643 миң сом бөлгөн.

Үстүбүздөгү жылдын 4-августунда Айсулуу Тыныбекова алган жаракатына байланыштуу Польшадагы эл аралык турнирдин финалдык беттешине катыша албай калган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0