Чемпионка UFC Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан

Валентина Шевченко менен Лиз Кармуштун беттеши кандай өттү. Сүрөт, видео

Жазылуу
57 килограмм салмактагы мушкер кыздар кеченин башкы беттешинде жолугушмакчы.

Уругвайдын Монтевидео шаарында UFC Fight Night 156 өтүп, анда кыргызстандык Валентина Шевченко чемпиондук курун коргоодо. Анын атаандашы америкалык Лиз Кармуш.
Шевченко менен Кармуш буга чейин октагондо жолуккан. 2010-жылы Оклахома (США) шаарында өткөн C3 Fights турниринде кыргызстандык мушкер үчүнчү раундда техникалык раунд менен утулуп калган.
Шевченко биринчи жолу UFC уюмунун чемпиондук куруна 2018-жылдын 9-декабрында польшалык Жоанна Енджейчикти утуп ээ болгон. Наамын биринчи ирет америкалык мушкер Жессика Айга каршы коргоп, нокаут менен жеңип алган.
Sputnik Кыргызстан агенттиги беттештен тексттик трансляция жүргүзмөкчү.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
09:51 11.08.2019

Валентинага курун тагып жаткан кез

09:35 11.08.2019

Беш раунддук беттештен кийин Валентина Шевченко атаандашын утуп алды. Жеңишин жарыялап жаткан кезде артында Кыргызстандын желеги желбиреп турду.

09:27 11.08.2019

Кармуш жерде жатканынан карабай Валентинага колу менен ар тарабына сокку узатууда.

09:25 11.08.2019

Эки мушкер тең эмнегедир этият болуп жаткандай. 

09:25 11.08.2019

Кармуш Шевченконун бутуна кирди, анткен менен Шевченко анын үстүнө чыгып алып, үстөмдүк көрсөтүүдө.

09:24 11.08.2019

Кармуш бул ирет буту менен көбүрөөк иштөөдө.

09:23 11.08.2019

Чечүүчү раунд башталды!

09:22 11.08.2019

Төртүнчү раунд аяктады. Алдыда акыркы раунд.

09:21 11.08.2019

Шевченко Кармушту муунтуу аракетинде. БИрок аракети ишке ашпай калды.

09:20 11.08.2019

Беттеш пассивдүү болгону үчүн калыс мушкерлерди жерге тургузуп койду.

09:19 11.08.2019

Спортчулар күрөшүүдө, Шевченко атаандашын жыгып туруп үстүнө чыгып алды. Азырынча так бир аракеттер жок.

09:18 11.08.2019

Кармуш Шевченкого салыштырмалуу далылуу экени байкалып турат.

09:18 11.08.2019
09:17 11.08.2019

Машыктыруучулары аларга суу жуткуруп, кеңеш бергенден кийин төртүнчү раундга узатып ийишти.

09:16 11.08.2019

Үчүнчү раунд аяктады. Спортчулар эс алууда.

09:10 11.08.2019

Шевченко атаандашын жерге жыкты. Үчүнчү раунд өтүп жатат.

09:09 11.08.2019

Көптөн күткөн Шевченко менен Кармуштун кыл чайнашы башталды.

09:08 11.08.2019

Азыр экинчи раунд болуп жатат.

09:08 11.08.2019

Эки мушкер кыз октагондо күч сынашып жаткан кез. Азырынча бири-биринин дарманын байкап жаткандай.

Жаңылыктар түрмөгү
0