UFC Валентина Шевченконун Уругвайда болчу беттешинин проморолигин жарыялады

© AFP / MATTHEW STOCKMAN / GETTY IMAGES NORTH AMERICAЧемпионка UFC Валентина Шевченко
Чемпионка UFC Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шевченко менен Кармуштун беттеши UFC Fight Night 156 турниринин башкы кармашы болмокчу.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. UFC уюму Twitter баракчасында Валентина Шевченконун Уругвайда өтчү беттешинин проморолигин жарыялады.

Шевченко встретилась на дуэли взглядов с той, кто хочет отобрать ее пояс. Видео - Sputnik Кыргызстан
Шевченко курун талашкан Кармуш менен көз караштар таймашында. Видео
Белгилей кетсек, 10-августта (Кыргызстандын убактысы боюнча 11-август) Уругвайдын борбору Монтевидео шаарында даңазалуу UFC Fight Night 156 турнири өтөт. Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко менен америкалык Лиз Кармуштун беттеши иш-чаранын башкы кармашы болмокчу. Мында Шевченко эң жеңил салмактагы чемпиондук курун коргойт.

Мындан тышкары, октагонго америкалык Майк Перри менен бразилиялык Висенте Люк чыгып, бул таймаш да турнирдин башкы беттешинин бири болору айтылды.

Эске салсак, Шевченко менен Кармуш 2010-жылы C3 Fights турниринде кездешкен. Анда америкалык мушкер кыз техникалык нокаут менен үчүнчү раундда жеңишке жетишкени белгилүү. Бул Шевченконун мөөнөтүнөн мурун болгон биринчи утулушу эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0