Көк бөрүдөн салбурунга чейин! Чолпон-Атада ат оюндары өтөт

Жазылуу
Турнирдин программасында көк бөрү, ат чабыш, эр эңиш жана салбурун каралган.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Өлкөнүн эгемендүүлүк күнүнө карата Ысык-Көлдө Кыргызстан президентинин кубогу үчүн ат оюндары өтө турганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.

Мелдеш 26-31-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында болот.

Фестиваль прикладного народного искусства в Нарыне - Sputnik Кыргызстан
Мургабдык кыргыздар Тажикстанда көчмөндөрдүн фестивалын уюштурат
Турнирдин программасында көк бөрү, ат чабыш, эр эңиш жана салбурун каралган.

26-29-августка чейин көк бөрү мелдешинин болжолдуу оюндары өтсө, 30-августта көк бөрү, эр эңиш жана салбурун оюндарынын үчүнчү орун үчүн кармаштары тартууланат. 31-августта эл финалдык оюндарга күбө болот.

Турнирди өткөрүү үчүн өкмөткө караштуу Спорт агенттигинин улуттук спорт боюнча дирекциясы тарабынан 3 миллион 697 миң сом каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0