Антонина Шевченконун UFC турниринде канча акча тапканы белгилүү болду

© Фото / Jeff SainlarКыргызстандык спортчу Антонина Шевченко. Архив
Кыргызстандык спортчу Антонина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Узаган жекшембиде UFC турниринде кыргызстандык спортчу чехиялык Люси Пудилованы муунтуу ыкмасын колдонуп утуп, кармашты уюштуруучулар эң мыкты деп тапкан.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Спорттук-маалыматтык SportsDaily басылмасы 3-августта (Кыргызстанда 4-августтун таңы) АКШнын Ньюарк шаарында болгон UFC on ESPN 5 мелдешинде күчүн сынаган мушкерлердин болжолдуу сый акысы тууралуу жазды.

Анда кыргызстандык спортчу Антонина Шевченко 57 килограмм салмакта чехиялык Люси Пудилованы жеңген. Экинчи раундда Шевченко муунтуу ыкмасын колдонуп, натыйжада атаандашы эсин жоготуп койгон. Рефери таймашты токтотуп, чехиялык мушкерди эс алдырууга аргасыз болгон.

Иш-чаранын уюштуруучулары мушкерлердин кармашын мыкты деп таап, ар бирине 50 миң доллардан ыроологон.

Спорттук басылманын маалыматы боюнча, турнирге жалпысынан 24 мушкер катышкан.

"Белгилей кетүүчү нерсе, Иллинойс штатынын Атлетикалык комиссиясы мушкерлердин акысы тууралуу ачык айтпайт. Төмөнкү сандар бейрасмий болуп саналат", — деп айтылат макалада.

Сайтта эң көп акчаны UFC уюмунун орточо жеңил салмактагы мурунку чемпиону Робби Лоулер тапканы, ал 220 миң доллар алганы айтылат. Анын 200 миңин беттешке чыкканы үчүн алса, 20 миңи кошумча берилген (кармашка бир жума калганда убактысын медиага жана иш-чарага бөлгөнү үчүн берилет).

Я чувствовала, что у нее ослабла хватка, — слова Шевченко после боя. Видео - Sputnik Кыргызстан
Алсыраганын сездим. Антонина Шевченконун беттештен кийинки сөзү видеодо
Ал эми Джим Миллер аттуу мушкер дагы кызуу беттештердин бирин тартуулап, 210 миң долларга ээ болду. 95 миң долларын турнирден тапса, калганын жеңгенден кийин жана журналисттерге жолукканы үчүн алган.

Жогоруда айтып кеткен Лоулердин атаандашына 100 миң доллар буйруган. Мелдешке чыкканы үчүн 45 миң, дагы ушунча сумманы беттештен кийин, 10 миңин бир жумалык убактысына алган.

Эң көп каражат тапкандардын төртүнчү сабында Антонина Шевченко турат. Ал жалпысынан 93 500 доллар тапкан. Анын беттешкени жана жеңиши үчүн 20 миңден 40 миң алса, 50 миң бонус катары берилген, 3 500 долларды медиага чыккандыгына карап алган.

Люси Пудилованын сый акысы 69 миң долларды түзгөн. 14 миң беттеши үчүн, "кеченин кармашы" үчүн 50 миң, дагы 5 миң журналисттерге жолуккандыгы үчүн берилген.

Шевченко менен Пудилованын толук беттешин шилтеме аркылуу көрүңүздөр.

Жаңылыктар түрмөгү
0