Валентина Шевченко эжеси Антонинаны укмуштуудай жеңиши менен куттуктады

© AFP / Christian Petersen / Getty ImagesЧемпионка UFC Валентина Шевченко
Чемпионка UFC Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мушкердин сиңдиси эжесине күйөрмандык кылып турду.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко бир тууганы Антонина Шевченкону Ньюарк шаарында өткөн турнириндеги жеңиши менен куттуктап, Instagram баракчасына жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Valentina Shevchenko (@bulletvalentina)

Эскерте кетсек, кыргызстандык мушкер Антонина Шевченко 3-августта UFC уюмундагы үчүнчү беттешине чыгып, чехиялык Люси Пудилованы муунтуу ыкмасы менен утуп алды.

​"Сүйүктүү эжемди укмуштуудай жеңиши менен куттуктайм! Экинчи раунддагы субмишн!!!" — деп жазган Валентина.

Ал таймаш учурунда эжесине күйөрмандык кылып турган.

Беттеш эки раунд менен аяктады. Шевченко кашы жарылганына карабай, муунтуу ыкмасын колдонуп жеңишке жетти. Атаандашы Пудилова эсин жоготуп койгондон кийин калыс беттешти токтотууга аргасыз болгон. Чехиялык спортчу бир аздан кийин эсине келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0