Кыргызстандык 4 оюнчу футболдон өмүр бою четтетилди. Себеби

© Sputnik / Алексей КуденкоФутбол. Архив
Футбол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дисквалификацияланган оюнчулардын бири "Дордойдун" мурдагы капитаны болчу.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Кыргызстандык төрт футболчу Азия футбол конфедерациясынын (АФК) дисциплинардык комитетинин чечими менен өмүр бою оюндардан четтетилди.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан FIFA рейтингинде февралдан берки ордун сактап калды
Футбол федерациясынын маалымат кызматынан билдиришкендей, кеп Бишкектин "Дордой" командасынын мурдагы капитаны Курсанбек Шератов, "Алайдын" оюнчулары Владимир Веревкин, Ильяз Алимов (бул сезондо "Нефтчиге" өткөн) жана Абдуазиз Махкамов (дарбазачы) жөнүндө болуп жатат.

Июль айынын аягында "Дордой" клубу Шератов менен эч себепсиз кол үзүшкөн.

Бул оюнчулар АФКнын Дисциплинардык-этика кодексинин 66 жана 69-кодекстерин бузгандыгы айтылууда.

Шератов АФК кубогунун 2017-жылкы сезонунда "Дордой" клубу катышкан оюнду сүйлөшүп алуу жолу менен ишке ашырууга күнөөлүү деп табылды. Ошондой эле ал ушул эле оюн боюнча букмекерлик акча коюуларга таасир эткен деп айыпталды.

Веревкин, Алимов жана Махкамов дагы ушундай эле кылык-жорукка барганы аныкталды. Тагыраагы, АФК кубогунун 2017 жана 2018-жылкы сезонунда "Алай" клубунун оюндарына "таасир" этишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0