Антонина Шевченко UFC турниринде атаандашын ута алабы? Букмекерлердин пикири

© Фото / Jeff SainlarКыргызстанский тайбоксер Антонина Шевченко
Кыргызстанский тайбоксер Антонина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беттеш 3-июлда АКШнын Ньюарк шаарында өтөт.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. UFC on ESPN 5 турниринин алкагында чехиялык Люси Пудилова менен беттеше турчу кыргызстандык мушкер Антонина Шевченконун жеңишке мүмкүнчүлүгү жогору экенин букмекерлер болжоп жатат.

Кыргызстанский тайбоксер Антонина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Антонина Шевченко биринчи жолу UFC уюмунун рейтингине кирди
Спортчулардын кармашы 3-августта АКШнын Ньюарк шаарында болот. "Марафонбет" букмекердик конторасы кыргызстандык спортчунун жеңишине — 1,59, ал эми чехиялык мушкерге — 2,33 деген коэффициент берген. Анткен менен Fonbet конторасынын сандары башкачараак — 1,57 жана 2,4. Белгилей кетсек, коэффициент канчалык төмөн болсо, жеңиш ыктымалдыгы ошончолук жогору. Натыйжада Шевченконун жеңишке мүмкүнчүлүгү көбүрөөк деп айтууга болот.

Антонина Шевченко UFC уюмундагы алгачкы беттешин былтыр декабрда өткөрүп, түштүккореялык Жи Йон Кимди жеңген.

Cоңку беттешин ушул жылдын 20-апрелинде Санкт-Петербург шаарында өткөрүп, америкалык Роксанн Модаффериге упай эсеби менен утулуп калган.

Чехиялык Пудилова UFC уюмунда үч кармаш өткөрүп, бир гана жолу жеңишин майрамдай алган. Соңку ирет америкалык Лиз Кармушка утулган. Баса, Кармуш менен Антонинанын сиңдиси Валентина Шевченко беттешет.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0