Америкалык мушкер россиялык атаандашын 12-секундада жыга чапты. Видео

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүРоссиялык мушкер Алексей Олейник. Архив
Россиялык мушкер Алексей Олейник. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мушкерлер кеченин башкы беттешинде кармашкан. Жеңүүчүгө беттештеги эң көп делген гонорар — 50 миң доллар берилди.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Сан-Антонио шаарында өткөн UFC турниринин алкагында оор салмактагы россиялык мушкер Алексей Олейник америкалык Уолт Харриске мөөнөтүнөн мурда утулду.

​Мушкерлер кеченин башкы беттешинде кармашып, Харрис Олейникти биринчи раунддун 12-секундасында тизеси менен башка тээп, андан соң муштуму менен чыкый тушка урган.

​Беттештен кийин жеңилген спортчу октагондон жардамчыларынын көмөгү менен кетүүгө аргасыз болгон. Кийинчерээк анын оң буту эки жеринен сынганы айтылды.

​Алексей Олейник UFC уюмунун ардагери катары таанымал. Аралаш мушташ турнирлеринде 1996-жылдан бери күч сынашып келет. Карьерасында 57 беттешти утуп, 13 ирет жеңилип, бир жолу тең чыккан.

BJPenn спорттук порталынын маалымдашынча, Харрис эң көп делген 50 миң доллар гонорар алган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0