Кичин: биз менен беттеште япон футболчуларына оңой болбойт

© Фото / пресс-служба ФФКРКыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Машыктыруучу 2023-жылы өтө турчу Азия кубогунда ойноо негизги максаттарынын бири экенин белгиледи.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин менен команданын капитаны Валерий Кичин дүйнө чемпионатынын тандоо турундагы атаандаштары тууралуу пикири менен бөлүштү.

Чүчү кулак кармоо Малайзияда өткөн. Континенттин 40 командасы сегиз топко беш команда болуп бөлүнгөн. Кыргызстандын курама командасы F тайпасына туш келип, Япония, Тажикстан, Мьянма жана Монголия менен ойной турган болгон.

Футбол федерациясынын билдиришинче, Крестинин команда дурус эле тайпага туш келген деп эсептейт.

"Оюнда болгон күчүбүздү жумшайбыз. Биз таймаштагы оор учурда дагы туруштук бере аларыбызды тастыктадык. Команданын бекем, өжөр мүнөзү бар. Бери дегенде эле 2023-жылы өтө турчу Азия кубогундо ойношубуз керек. Футболдо мүмкүн болбогон эч нерсе жок", — деген Крестинин.

Кичин дагы алдыда боло турчу беттеш тууралуу пикирин билдирген.

Защитник сборной Кыргызстана Валерий Кичин - Sputnik Кыргызстан
Футболчу Валерий Кичин жаңы клуб менен келишим түздү
"Жакшы тайпа туш келди, аларды утуп алууга мүмкүнчүлүк бар. Бир гана жеңишти көздөп ойнойбуз. Япония фаворит болуп саналат, бирок биз менен ойноо аларга оңой болбойт", — деген футболчу.

Жалпы жонунан 12 команда (группалардын жеңүүчүлөрү жана экинчи орунду алган төрт команда) 2023-жылы өтө турган Кытайдагы Азия кубогуна автоматтык түрдө өтөт. Ошондой эле Катарда өтө турган дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн күрөштү улантышат.

Тандалып алынган төрт мыкты команда дүйнө чемпионатына катыша алса, бешинчиси континент аралык плей-оффко чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0