13:09 28 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.4683
  • RUB1.0646
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
3017 0 0

"Темир айым" каймана аты менен таанымал нидерландиялык Жермен Де Рандами UFC уюмунун 65 килограмм салмактагы мурдагы чемпиону.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Узаган жекшембиде Американын Сакраменто шаарында аралаш мушташ боюнча UFC Fight Night 155 турнири өтүп, нидерландиялык Жермейн де Рандами менен америкалык Аспен Лэдд кызуу беттештердин бирин тартуулады. Бул туурасында Р-Спорт жазды. 

"Темир айым" каймана аты менен таанымал нидерландиялык мушкер атаандашы Лэдди  16 секунддун ичинде нокаутка кетирип, жеңишин майрамдаганы айтылат.

​Муну менен Жермен Де Рандами карьерасында тогузунчу жеңишин камсыздады. Октагондо үч ирет утулган. Ал UFC уюмунун 65 килограмм салмактагы мурдагы чемпиону. 

​Ал эми анын каршылашы Лэдд алгачкы ирет жеңилди. ММА боюнча сегиз беттешти уткан болчу.

Тема боюнча

"Эркекпи?". UFC чемпиону Генри Сехудо Валентина Шевченкого чакырык таштады
Эң ыкчам нокаут! UFC мушкери атаандашын тизеси менен башка тепкен видео
Октагонго көптөн бери чыга элек 40 жаштагы мушкер каршылашын сулата чапты. Видео
Белгилер:
нокаут, беттешүү, мушкер, атаандаштык, UFC

ЭҢ МААНИЛҮҮ